Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

11:37 Т.Сариев: Бул Конституцияны кабыл алсак Кыргызстанда суперпрезиденттик бийлик орнойт


Депутат Темир Сариев эгер бул Конституция кабыл алынып, ага К.Бакиев кол койсо анда Кыргызстан артка кетет жана өлкөдө суперпрезиденттик бийлик орнойт. 9-ноябрда кабыл аланган Конституциянын күчүнө кириши менен авторитардык системаны бузганбыз, эми кайра хандык бийликти кайтарып алганы жатабыз, деди Т.Сариев. Өлкөдө кризис жок, кризис өкмөттө, президент К.Бакиев Феликс Куловду сактап калуунун ордуна мамлекетти сактап калуунун камын ойлосун, деди ал. Эгерде мындай оюндар улана берсе эл эми энергетика боюнча, газ боюнча көчөгө чыгат жана анын артынан саясий талаптар коюла баштайт. "Президент (Бакиев-ред.) кетсин!" деген талаптар анда күчөйт деп сөзүн жыйынытыктады Т.Сариев.

XS
SM
MD
LG