Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

12:20 А.Матубраимов: Өлкөдө кризис жок, кризис өкмөттүн өзүндө


Депутат Алмамбет Матубраимов кризис кызматтан кеттим деген өкмөттө экенин айтты. Ал эң биринчи кезекте, мамлекетте туруктуулук орнотушубуз керек, ал үчүн бийликтин үч бутагы классикалык маанисинде иштеши керек, деди. Мисалы, аткаруу бийлиги эки баштуу болуп калган - өкмөт бар, президенттик администрация бар. Сот бийлиги дагы эки баштуу - Конституциялык сот, Жогорку сот. Мыйзам чыгаруу бийлиги дагы эки баштуу болуп, эки палатадан турган Жогорку Кеңеш эле. Мына ушул маселелерди чечиш керек. Эң негизгиси - коррупция менен мамлекеттик рэкетти токтотушубуз керек, деди А.Матубраимов. Биз же парламенттик же президенттик башкарууну тандап алышыбыз керек, аралаш система эч убакта иштебейт, биз азыр шашылбайшыбыз керек жаңы Конституцияны кабыл алууда, деп сөзүн жыйынтыктады жаңыдан шайланып келген депутат.

XS
SM
MD
LG