Жалалабат областтык бийлиги Майлуусуу шаарынын социалдык-экономикалык, экологиялык абалын талкуулады. Андагы маалыматтарга караганда, Майлуусууда уран көмүлгөн 23 жайдын тогузу жер көчкү менен суу ташкынга жакын. Онкологиялык оорудан 9 айда 17 адам каза болгон. Жылуулук, суу, электр жарыгы үчүн карыз чоң, мектептерге мугалим жетпейт. Жашоонун айынан быйыл 649 киши сырт өлкөлөргө кетишкен. Электр шамын чыгарчу завод таштанды төккөн аймакта 2 -3 миңдей адам жер казып, тапкан никелин сатып жан багат. Быйыл айнек сыныктардын астында калып, 5 адам өлгөн. Ич келте болгон 17 киши мурда таштанды казып жүргөн. Губернатор И.Айдаралиев Майлуусуунун көйгөйлөрүн жалпылап чечүүгө үндөдү. ЕККУнун Оштогу өкүлү Жэром Буйжу шаарга уу зыяндарын өлчөй турган медициналык жабдуу тапшырды. (YA)