Кыргыз өкмөтүнүн кепилдиги менен Казак өкмөтү сунуштаган 100 млн. доллардан баш тарттык, деп билдирди Феликс Кулов бүгүнкү жыйында. Анын айтымында, грант алууда өкмөт кепилдик бербейт. 20-декабрда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов Астанага барган иш сапарында Казакстандын өкмөт башчысы менен жолугушканда Даниал Ахмедов Кыргызстанга 100 млн. доллар каржылык жардам сунуштаган.