Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Орусиядан алынган жаратылыш газ үчүн Грузия мурдагыдан эки эсе көп төлөмөй болду


Орусиядан алынган жаратылыш газ үчүн Грузия 110 пайызга көп төлөмөй болду, быйыл бир миң куб метр газдын баасы 110 доллар болсо, 2007-жылдан Тбилиси газ үчүн 235 доллар төлөйт. Акыркы күнгө чейин Грузия Азербайжан менен сүйлөшүү жүргүзүп келген, бирок Бакы кошуна өлкөгө газ жиберүүгө азырынча даяр эмес болуп чыкты. "Биздин стратегиялык максатыбыз өзгөргөн жок жана техникалык маселенин баары чечилээри менен, газды биз негизинен Азербайжандан ала баштайбыз", - деп билдирди кечээ күнү Грузия премьер-министри Зураб Ногайдели. Бардыгы болуп Грузияга 2007-жылы бир миллиард 100 миллион куб метр газ керек болот, азырынча Орусия менен 700 миллион куб метр газ үчүн контракт түзүлдү.

XS
SM
MD
LG