300 миллион калкы бар АКШ миллиондогон христиандар, жөөттөр жана мусулмандардын туулуп өскөн өлкөсү. Декабрда католик христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашса, жөөттөр сегиз күн бою Ханука майрамын белгилешет. Мусулмандардын декабрь айында майрамы жок. Ал эми атеисттер болсо диний майрамдарга таптакыр ишенишпейт. Ошон үчүн Иса пайгамбардын туулган күнү "кыш майрамы" катары кабылданып баратканын, көп улуттуу өлкөдөгү диний толеранттуулуктун бир белгиси деп сыпаттаса болот болот.
Мындай тенденция өзүнөн-өзү пайда боло койгон жок. Айрым коомдук жайлардан Иса пайгамбардын жарык дүйнөгө келгенин чагылдырган айкелдер коюлбай калды. Мындай чечим АКШнын Жогорку Соту тарабынан соттошкон тараптардын көпкө созулган таймашынан кийин кабыл алынды. Ал эми былтыр болсо Сиетл шаарынын жергиликтүү жөөт диний кызматкери шаардын аэропортунда койулган балатыларга Ханука майрамынын белгиси катары бийиктиги 3 метр келген Менораны кошумчалап койууну сунуш кылган. Жети шамдуу чырак жөөт диний жөрөлгөсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Аэропорттун жетекчилиги бул сунушту кабыл алган эмес, бирок балатыларды алып таштооону туура көргөн.
Америкалык изилдөөөчү Жон Гриин ар башка диндерди туткан көп улуттуу Америка үчүн мындай көрүнүш таң калаарлык эмес экенин белгилейт:
- Америкалыктардын көбү өздөрүн христиан деп эсептегендиктен, бул диндин символикасын жакын көрөт, балаты алар үчүн маанилүү. Бирок Америка динге келгенде ар кошкон мамлекет, башка динди туткандар же Кудайга таптакыр ишенбегендер үчүн христиан символикасы чоочун.
Америкада чоочун диндин каадасын кабыл албоочулук христиандар менен христиан эместердин ортосунда эле эмес, кара америкалыктар менен башкалардын ортосунда да кездешет. Кара америкалыктар 26-декабрден 1-январга чейин ата-бабаларынан калган КАНЗАА аттуу майрамды белгилешет. Буга байланыштуу Америкада атайын маркалар да чыгарылып, диний эмес бул майрам аз-аздап мектептер менен чиркөөлөрдөн орун ала баштады. Буга нааразы болгон христиандар диний эмес майрам Иса пайгамбардын туулган күнүнө акаарат келтирип жатат, деп чыгышкан.
Бирок ушуларга карабастан, Америка коомчулугунда Иса пайгамбардын туулаган күнүн жалпы майрам катары кабылдагандар да бар. Христиандар үчүн бул диний майрам болсо, атеисттер үчүн үй-бүлө жана ага-тууган менен жылына бир көрүшүп, чогуу болуу мүмкүнчүлүгү. Ал эми мусулмандар үчүн интернет сайттарынын биринде жазылгандай, дүкөн кыдырып, дүр-дүнүйө сатып алып, бош убакытты соопчулук иштерине арноонун мүмкүнчүлүгү.