Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

9:00 Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 152 чакырымы такталды


Мындай макулдашууга тараптар өткөн жуманын этегинде Дүйшөмбү шаарында аяктаган кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынында жетишишти. Ушуну менен жалпы узундугу 911 чакырым келген эки өлкө чек арасынын 361 чакырымы такталды. Бирок бул иштер азырынча тоо кырлары менен кеткен талаш туудурбаган чек ара тилкесинде гана жүргүзүлүүдө. Тараптар өрөөндүү аймактардагы чек араны тактоонун укуктук маселелери боюнча дале орток пикир таба элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» сүйлөшүүдөгү кыргыз тобунун башчысы, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди.(SM)

XS
SM
MD
LG