Зыяратчылардын акыркы тобу Кыргызстандан өткөн жуманын соңку күндөрү жөнөтүлдү. Бирок жума күнү «Манас» аба майданынан Бишкек-Дубай каттамы аркылуу учуп жаткан 8 зыяратчыны чек арачылар менен коопсуздук кызматынын өкүлдөрү сүрөттөрүнөн, паспортторундагы чет баракчалардын мөөрүнөн шектенип кармап калышкан. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробековдун айтымында, кармалган сегиз жарандын үчөөнүн паспортунда чын эле одоно каталар бар экен, калган бешөөнүн паспортуна шектенүүгө негиз жок болчу. (SM)