Министр Аликбек Жекшенкулов бүгүн Кыргызстандын тышкы саясатындагы жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрмөкчү. Анда бул багытта бир жыл ичинде кандай иштер жасалганы, эки тараптуу расмий сапарлардын натыйжасы, эл аралык уюмдар менен кызматташуу маселелери жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтеринин иштери тууралуу маалыматтар берилет.(SM)