Бул тууралуу АКШнын департаментинин өкүлү Ричард Баучер Сапармурад Ниязовду акыркы сапарга узатуу аземинде билдирди. Баучер Түркмөнстанда бийлик тынч жол менен алмашат деген үмүтүн билдирди. Түркмөнстанда президенттик шайлоо 26-декабрга белгиленди. Учурда Президенттин милдетин мурдагы вице-премьер министр Гурбангулы Бердымухаммедов аткарууда.