Иран Натанц уранды байытуу борборунда 3000 центрофуга орното баштаарын жарыялады. Мындай чечим 23-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин Иранга каршы чектөөлөрдү киргизүү боюнча резолюциянын долбоорун кабыл алынышына жооп ирээтинде жасалды. Резолюцияда өзөктүк жана сателлит программалары үчүн колдонула турган материал жана технологияларды Иранга сатуу токтотулуу каралган.