Депутат Камчы Ташиев Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу зарылчылыгы өкмөттүн кызматтан кетүүсүнөн кийин келип чыкканын билдирди. Ал долбоорду киргизүүгө депутаттардын укуктары бар экенин жана ошол укуктан пайдаланып долбоор киргизилгенин белгиледи. Президентке айрым укуктар бийликтин арка-белин бекемдөө үчүн берилгенин жана жаңы долбоорду кабыл алуу парламенттин өз мөөнөтүндө толук иштөөсүнө шарт түзөөрүн айтты.