Долбоорду кабыл алууга 46 гана депутат добуш берди. Эсеп комиссиянын төрагасы Алмамбет Матубраимовдун маалыматы боюнча, 46 макул, үчөөсү каршы берген жана 10 бюллетень бузулду деп табылган. Жалпысынан 59 депутат добуш берүүгө катышкан.Долбоор кабыл алыныш үчүн 51 депутат макул деп добуш берүүгө тийиш эле.