Эгерде, парламент өз ыктыяры менен таркап кетпесе, анда президент чечкиндүүлүктү көрсөтүп, аны таркатып жиберүүгө барышы керек. Парламент өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды, ошондуктан ал өзү таркап кетүүгө тийиш. Кыргызстанга өлкөнүн өнүгүү стратегиясын 2015-жылга чейин көрө билген өкмөт жана өлкөнү натыйжалуу башкаруу үчүн прогрессивдүү мыйзамдык базаны түзө турган, кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырып, партиялык турмушту өркүндөтө турган жаңы парламент керек,- деп айтылат «Атуулдар коррупцияга каршы» уюму бүгүн таркаткан билдирүүдө.