Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

ГАЗПРОМ ЧЕТ ЭЛДИК КОМПАНИЯЛАРДЫ СҮРҮП ЧЫГАРУУДА


Бермет Эгембердиева, Прага Англо-Голландиялык “Шелл” корпорациясы жана япониялык эки компания Сахалин-2 энерго долбоорундагы өз үлүштөрүн Россиянын өкмөттүк “Газпром” компаниясына өткөрүп бермек болушту. Алар долбоорго жети жарым миллиард доллар инвестиция кошкон эле. “Сахалин-2” - мунай жана газ өнүдрүүчү дүйнөдөгу эң чоң долбоор. Чет элдик компанияларды долбоордон сүрүп чыгуу орус өкмөтүнүн отун энергия өндүрүүнү мамлекеттик көзөмөлгө алуудагы дагы бир чоң ийгилиги болду. Бул маселе боюнча "Азаттыктын" кабарчысы Джереми Бранстен менен Энергияны изилдөө боюнча Лондондун Оксфорд институтундагы газ программасынын жетекчиси Джонотон Стернд маектешкен.

-“Шелл” компаниясы экологиялык зыян келтирүүлөр үчүн миллиарддаган доллар айып салынат деп айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы бийликтер тарабынан күнөөлөнгөн. Сиздин оюнузча ушундай айыптоодо кандайдыр бир чындык барбы же долбоор өтө кирешелүү болгон үчүн жасалган иш-аракеттерби?

- Биз көптөгөн жылдардан бери өкмөттүк эмес уюмдардан экологиялык көйгөйлөр тууралуу угуп келе жатабыз. Ошондуктан биздин долбоорду байкап тургандар экологиялык проблемалар тууралуу жакшы кабардар. Орусия акыркы убакытка чейин аларга көңүл бурбай келеткан. Долбоордун баасы көтөрүлгөнү белгилүү болгондо, көптөн бери бул долбоордон акчалай пайда көрбөгөн Орусиянын туруму заматта өзгөрдү. Бул чындыгында Сахалин-2 нин өнөктөрү үчүн негизги көйгөй болгон.

- Эмне себептен долбоордун баасы 10 миллиард доллардан 22 миллиардга көтөрүлгөнү Москва үчүн түшүнүксүз болгонун түшүндүрүп бере аласызбы? Бул “Сахалин-2 ден” пайда Москва ойлогондон алда канча кечирээк түшөөрүн билдиреби?

- Продукцияны бөлүү келишими абдан эскирип калган сыяктанат, ал жерде өкмөт чыгашалардын баарын кайтарып бермейинче эчтеке албайт. Продукцияны бөлүү келишиминин бул жоболору бүгүн колдонулбайт. Башкача айтканда, долбоордун баасы кымбаттай турган болсо, анда чыгымдар өнөктөштөр менен мамалекеттин ортосунда тең бөлүнөт. Бул келишимге ылайык, долбоорго жумшалган чыгымдарга карабастан, ошол чыгымдар төлөнмөйүн, мамлекет эч кандай киреше албайт. Менини оюмча андай болбош керек.

- Сиздин пикириңизде hасмий кремль «Шелл» компаниясы менен иш жүргүзүүдө тартип буздубу? Бул Кремлдин энергия секторунда көзөмөлдү калыбына келтирүү аракеттеринин бир мисалы экендигине макулсузбу?

- Антип айтсак, Орусия өзүнүн территориясындагы негизги энергия долбоолорун өз көзөмөлүнө алууга умтулат. Дагы бир, биз эч качан жооп таба албай турган суроо - долбоордун өтө кымбат баасы болбогондо, Сахалин-2 долбоору ушундай тагдырга туш болот беле? Мунун жообун эч качан билбейбиз.

- Бул окуя айрыкча энергия жаатында башка чет өлкөлүк инвесторлорго кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Мен ойлом, бул сестенүүнү жаратат. Бирок менин оюмча, эгерде сиз чет өлкөлөк компанияга «долбоордун капиталы эки эсе кымбаттаганы сиз үчүн көйгөйлүү болобу?» деп сурасаныз, албетте, оң жооп аласыз. Бирок эгерде сиз ийгиликтүү болсоңуз жана сизге күчтүү орусиялык өнөктөш керек болсо, сиз долбоордон 30 же 40 пайыздан ашуун үлүш алууга умтулбай турганыңызды инвесторлор билишет.

XS
SM
MD
LG