Кочкор айылында электр жарыгы жок. Ошондуктан ал жак менен байланыш болбой жатат, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кезметтик бөлүмүнөн. Белгилүү болгондой дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү очогу Кочкор айылынан алыс эмес жерде жер титирөө болуп, анын күчү 7 баллга жеткен. Бишкекте жер титирөөнүн күчү 4-4,5 балл болгону кабарланууда. Жер титирөөгө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрин Жаныш Рустанбековду президент кабыл алып, тез арада кыйроо жана жапа чеккендерди аныктоону тапшырды.