Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

ЦУНАМИДЕН КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан туура эки жыл мурда Инд океанынын мухитинде ири жер титирөө болуп, андан чыккан цунами толкуну ондон ашык мамлекеттин жээгиндеги үйлөрдү талкалагандан миңдеген адам курман болгон. Бүткүл дүйнө азыр ал курмандыктарды эскерип, келечекте мүмкүн боло турган цунамилерге каршы даярдык көрүүдө.

Жер титирөө 2004-жылдын 26-декабрында Индонезиянын Суматра аралынын жээгине алыс эмес жерде деңиз түбүндө болгон, силкинүүнүн күчү Рихтер өлчөмү менен 9,3 баллга жеткен жана андан пайда болгон толкундардын бийиктиги 30 метрге чыккан. Цунами деп аталган андай толкундар Индонезиядан тышкары Таиланд, Малайзия, Индия, Шри-Ланка, Бангладеш, Мианма, Сомали, Танзания, Кения, Түштүк Африка жумурияты, Йемен жана Малдив менен Сейшел аралдарынын жээгине тийген. Өлгөндөрдүн саны 220 миңден 280 миңге чейин болгон деп айтылууда.

Цунами - эң көп жоготууга алып келген кырсык жана 2004-жылдагы цунами - адамзат тарыхындагы экинчи ири кырсык болду. Эң көп жоготуу - 1703-жылы Жапониянын жээгине урган цунамиден болгон, андан өлгөндөрдүн саны бир миллионго жеткен.

Цунами толкундары негизинен Тынч океанда болот, ошондуктан АКШ менен Жапония анын мухитинде пайда болгон жер титирөөлөргө байкоо жүргүзөт. Инд океанында мурда мынчалык ири силкинүү болбогон, ошондуктан мамлекеттер ага даяр эмес болуп чыкты. Бирок акыркы эки жылдын ичинде - келечекте мүмкүн боло турган андай кырсыктарга каршы даярдыктар көрүлө баштады.

Мисал үчүн Индия өкмөтү Инд океанынын ар башка жерлеринде 20 атайын түйүн жасады, алар азырынча байкоо маалыматтарын Хайдарабад шаарындагы илимий-изилдөө борборуна берип турат, 2007-жылдын сентябрына чейин дагы 30 андай байкоо түйүнү түзүлүүгө тийиш жана бүткүл система спутниктер аркылуу башкарылат. Жер титирөө болгондон кийин цунами толкуну чыкканга чейин кыска убакыт өтөт, ошондуктан силкинүү так катталса жана анын күчү ченелсе - андан чыга турган толкунга каршы даярдык көрүп алуу мүмкүн.

Таиланддын туризм жана спорт министрлигинин кызматкери Сактип Крайрерк дагы 26-декабрда өлкөнүн Хао Лак деген курортунда чогулган эл алдында чыгып сүйлөп, өкмөт мүмкүн боло турган кырсыктарга даярдык көрүп жатканы жөнүндө билдирди: "Мен силердин кайгыңарды бөлүшөм жана силерди ишендирип кетким келет - Таиланд өкмөтү келечекте мүмкүн боло турган андай кырсыктарга даяр болуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Андай окуялар дагы болушу мүмкүн, биз аны билбейбиз, бирок болсо дагы, биз мынчалык жоготууга жеткирбеш керекпиз", - дейт Таиланд өкмөтүнүн өкүлү.

Эң көп жоготууга Индонезиянын Ачех провинциясы дуушар болгон, анда 150 миңге жакын адам өлгөн, алардын көптөгөн миңи чет өлкөлүк туристтер болчу.

XS
SM
MD
LG