Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

«ГАЗПРОМ» КЕЛЕРКИ ЖЫЛДАН ТАРТА БЕЛАРУСКА ГАЗДЫ БЕРБЕЙ КОЮШУ МҮМКҮН


Төрөкул Дооров, Москва Шейшемби күнү, 26-декабрда, Москвада Орусиядагы «Газпром» компаниясынын жетекчилиги менен Беларус өкмөтүнүн өкүлдөрү орус газынын келерки жылга карата баасын макулдашып алууга аракет кылышты. Бирок сүйлөшүүлөр эч кандай жыйынтыкка алып келген жок. Эми Москва бир жыл мурдагы окуяны кайталап, 2007-жылдын 1-январында Беларуска газды бербей коюшу мүмкүнбү?

Шейшембиде Москвада «Газпромдун» жетекчиси Алексей Миллер Беларустун вице-премьери Владимир Семашко менен жолукту. Миллер аны «Газпромдун» талабына макул болууга чакырды. «Азыр КМШда бир мамлекетке да «Газпром» Беларуска бергендей жеңилдик бербейт. Эми беларустуктар да газды базар баасында алышы зарыл», - деп айтты ал.

- Убакыт тездик менен өтүп жатат. Азыр жыл аяктап калды, биз азырга чейин келерки жылга карата контрактка кол кое элекпиз. Сиздер менен түзүлгөн азыркы жагдайга, албетте, Беларус тарап жоопкердүү болот. Анткени «Газпром», Орусия, толугу менен Беларустун суранычтарын эске алган болчубуз, - деди Алексей Миллер, «Газпромдун» жетекчиси.

Орусиялык монополист компаниянын расмий өкүлү Сергей Куприяновдун айтымында, компания Беларуска келерки жылы газды 200 доллардан эмес, 130 доллардан сатканга макул болгон. Анын бир бөлүгүн акчалай, дагы бир бөлүгүн «Белтрансгаздын» акциялары менен төлөгөнгө болоорун айткан эле. «Белтрансгазды» Орусия өзү баалаган 3,3 млрд.доллар эмес, 5 млрд.долларга баалаганга да макул болду.

Бирок, беларустук делегация баары бир орус газын Орусиядагы ички баа менен гана ала турганын айтып туруп алган.

Азырынча Минск орус газынын ар бир миң куб.метри үчүн 40 АКШ долларынын тегерегинде акы төлөйт. Беларустуктар ушул бааны келерки жылга да сакталса деп турушат. Бирок Москва буга каршы.

«Газпром» азыр жыл этегинде бир эле Беларус менен эмес, Грузия, Молдова менен да жаңы келишимдерге жетишти. Аларга ылайык, келерки жылы Грузия орус газынын ар бир миң куб.метрин 235 доллардан, ал эми Молдова 170 доллардан сатып алышат.

Азербайжанга да газды 235 доллардан алуу сунуш кылынган эле. Бирок Бакы буга каршылыгын билдирип жатат.

Ошентип, беш күндөн кийин Беларус менен Орусия ортосунда азыр иштеп жаткан келишимдин мөөнөтү аяктайт. Беларусиялыктар былтыр украиналыктар тарткан азапты кайра жашап өтүшү деле ажеп эмес.

- Беларус келерки жылы орусиялык газды Смоленск облусу алып жаткан баадан кымбат албай турганын дагы кайталады. Буга, албетте, негиз жок. Биз соңку бир топ жылдан бери КМШдагы баардык мамлекеттер менен базар баасы боюнча кызматташууга өтүп жатабыз жана бул Беларуска да тиешелүү. Анын үстүнө «Газпром» Беларуска өтө ыңгайлуу шарттарды сунуш кылып жатат. Биз: «Макул, Беларус баанын жарымын акчалай, калганын «Белтрансгаздын» акциялары менен төлөсүн», - деп жатабыз. Минск бүгүн жоопкерсиз позицияны карманууда жана ал Беларустун энергокоопсуздугуна коркунуч келтирет, - деген эле дүйшөмбүдө «Газпромдун» расмий өкүлү Сергей Куприянов.

Мунун баары 2006-жылдын 1-январында болгон окуяларды эске салат. Ал учурда «Газпром» Украинага газ берүүнү токтотуп, анын айынан европалык бир топ мамлекеттер орус газын ала албай калышкан.

Бирок, «Коммерсант» басылмасынын кабарына караганда, «Бул жолу «Газпром» алдыда күтүлүп жаткан окуяларга жакшы эле даярданды». Бул дегени эгер Беларуска газ жөнөтүлбөй калса, анын айынан Калининград облусу, Литва жана Польша жапа тартпайт. Анткени аларга жетиштүү газ алдын ала эле жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG