Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович кечээ «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде билдирди. Элчинин айтымында, учурда бул окуя боюнча кыргыз тарап менен биргелешкен тергөө жүрүүдө. Эгер тергөөнүн жыйынтыгында күнөөлүү деп табылса ал тиешелүү жазасын алат. 6-декабрда АКШнын Бишкектеги авиабазасынын аскери Закари Хетфильд күйүүчү май ташуучу ишкананын айдоочусу Александр Ивановду эки жолу көкүрөк тушка атып өлтүргөн. (SM)