Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:57

2006-ЖЫЛ: ЭКОНОМИКАДА ЧОҢ СЕКИРИК БОЛГОН ЖОК


Бекташ Шамшиев, Жанат Токтосунова, Бишкек Жыл жаңырар алдында эми кыргыз экономикасындагы абал тууралуу материалга көңүл буралы. Өткөн жылы Кыргызстан экономикасы кургуйга кулап кетпегенине шүгүрчүлүк кылып, өкмөт быйылкы экономикалык өнүгүш 8% жетеринен үмүт кылып келген. Бирок да андай дымактуу милдеттин ишке ашышына «Кумтөр» алтын кениндеги жер кыртышынын жылып кетиши, дүркүрөп өнүгөт деген ири өнөр жай өндүрүштүн артка кетиши жолтоо болору эмитен эле билинип калды.

Президент К.Бакиевдин ички дүң продукт көлөмүн дагы 8% көбөйтүү демилгесин өкмөт кыйла сүйүңкүрөбөй эле кабыл алган. Анын олуттуу дегидей бир себеби, ыңкылапчыл жылдын жыйынтыгында кургуйга биротоло кулап кете жаздаган кыргыз экономикасы кыска убакыттын ичинде чоң секирик жасашы арсар эле. Ошол себептүү өкмөт 5% өйдө чыкпаган этият божомолун алдыга жайып, өзгөчө үмүтүн ири өнөр жай ишканаларына байлап отурган. Аны экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров такай айтып келатат.

- Быйыл биз 5% өсүш сөзсүз болот деп эсептеп чыкканбыз. Бирок президент өсүш 8% болсун деген. Эгер аны тактап карай турган болсок, биз биринчи кварталда 5% өсшүбүз керек эле, Биз болсо болгону 2,4% гана өсө алдык. Жалпы экономиканы карай турган болсок, ички дүң продукт 1% өсүш үчүн 5% инвестиция келиши керек. Анан, биртоп жаңы заводдорубуз ишке кирип калды. Кызылкыядагы цемент заводунун курулушу башталып калды. Канттагы цемент заводунун жанында минералдык илешкек материалдарды чыгаруучу ишкана пайдаланууга берилди. Күрмөнтүдөгү цемент заводунун айланасындагы чатак токтолуп, казакстандык ишкерлер эми продукция чыгарабыз деп турушат.


Жыл жыйынтыгы чыгып, эмнелер аткарылды, дагы кайсылар аткарылышы зарыл эле суроосу коюлар чакта кыргыз өкмөтү жаңы Конституцияны шылтоо кылып, түгөлү менен кызматын таштап кетти. Кысталыш кырдаалда четке чыга берген министрлер кабинетинин бул кадамын парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков «жаңы жыл алдындагы сюрпризи» катары баалайт.

- Тилекке каршы, бул өкмөттүн жарымы саясат менен алышып эле жатып алды. Өкмөт көңүлү келбестин ишин кылды. Улам эле кызматын таштап, көңүлү келбестигин көрсөтүп койду. Мына, жаңы жыл алдында жасаган «белеги» жакшы эмес. Ансыз да кыйын саясий абалды курчутуп койду. Милдетин аткаруучулар эртең дагы кызматын таштап кетебиз деп калышса эмне болот? Бул жакшылыкка алып келбейт. Негизи бир да министрдин программасын көргөн жокпуз.

- Экономиканын кайсы бир тармагында дурус дегидей иш жасалды деп айта аласызбы? Маселен, туризмди алсак.

- Туризм, эми эл Көлгө көп келди. Бирок да салык арбын түштү деп айтыш кыйын. Эл көп келишинин тескери жагы да болду. Көлдө сактоо кызматы жок экен. 22 киши көлгө чөгүп өлдү. Ооруканаларда орун жетишпейт. Жолдор оңолгон жок. Элдин көп келиши экологияга аябай терс таасирин тийгизди. Балыктын жоголгонун айтпай эле коеюн. Бир да тазалоочу жай жок экен. Бул туризм боюнча саясат жок. Ал кагаз түрүндө эле калды.

Эми жыл аягына чейин милдетин аткарып жаткан өкмөт парламент алдында эмдиги жыл бюджетин коргоп, өткөн жылкы негизги экономикалык документтин аткарылышы тууралуу так эсеп-кысабын бериш-бербеши да бул ирет арсар бойдон калууда. Антип өкмөттүн жаңы Конституцияны шылтоо кылып чогуусу менен кызматтан кетишинин артында аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы ачык каршылык себеп болгону көпчүлүккө дайын. Аны өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов деле жашырбайт.

- Ички дүң продукттун өсүшүнүн 8% көрсөткүчүнө биз кыйналбай-этпей эле чыга алабыз. Бул, албетте, арифметика эмес, экономика. Анын толгон-токой тоскоолдуктары бар. Милдет – реформаларды алдыга жылдырыш. Айрымдар кыргыз өкмөтү реформаларсыз иштеп жатат, дешет. Реформа үчүн реформа жасаган мурунку жетекчилерден айырмаланып, биз реформалардын жыйынтыгы, мисалы, энергетикадагы өзгөрүү элге эмне берет, дегенди көңүлгө тутабыз. А эгер айыл чарбасында болсо реформа эмгекчилерге кандай пайда келтиришине көңүл бурабыз. Мен парламенттин комитет жетекчилери менен сүйлөшкөн кезде депутат Замир Эсенаманов Токтогул катарында турган ГЭСтер тутумунан жаңы курулчу объекттерди чыгарууга каршы болорун ачык эле айтты. Мен ошондо чыдабай кетип: «Силер бизге иштөөгө мүмкүндүк бербей жатасыңар. Бизге мүмкүндүк берсе жеке колго өтчүлөрдүн тизмесин беребиз» дедим. Муну да каалашпайт. Депутаттар эч нерсеге тийбегиле, козгобогула деп чочулап турушат.

Антип өкмөт менен парламенттин ортосунда ары-сүр, бери-сүр болуп келаткан «Камбарата – 1» менен «Камбарата – 2» ГЭСтеринин курулушуна ири инвестор таап келүү маселеси жыл аягына чукул гана ордунан жылды окшойт. Орусиялык «Бирдиктүү энергетикалык система акционердик коому» (РАО ЕЭС) казакстандык өнөктөштөрү менен биргеликте эки ГЭСтин курулушуна инвестиция таап келүү убадасын берип, өкмөт менен инвестициялык келишимге кол коюуга даярданууда. Ал арада эки ири ишкананын техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыкмакчы. Ф.Кулов жаңы инвесторлорду «Жерүй» алтын кенинин айланасындагы талаштуу иштер чочутпай, коркпой келе берсин деген пикирде.

- Инвестор лицензиясы жок эле кен казуу иштерине даярдык, ишкана курулушун баштап ийген. Бул мамлекетти сыйлабастык. Лицензиясы жок эле алешем завод куруп салып, лицензияны кайтарып алуу аракети туура эмес. Мен бул мисалды келтирип аткандагы максатым, биз тоокен өндүрүшү менен энергетикага келчү инвесторлорго шарт түзүп бере тургандыгыбызды билдирүү. Булар биз үчүн өзгөчө маанилүү иштер.

Ф.Кулов aнтип Жерүйдөгү жаңы кишилерди жаңы инвестор катары баалап атса, оппозиция жана Таластын айрым тургундары жаңы инвестордун келишин коррупцияга байланыштырышат. Маселен, депутат Темир Сариев Жерүйдү ачык тендерде ким көп акча берген кишиге сатыш керек эле, жең ичинен кетти деген пикирин далай ирет айтып келатат.

Антип тоокен өндүрүшү, энергетика тууралуу оголе көп кеп-сөз болгону менен жалпы өнөр жай өндүрүшүндө быйыл кескин дегидей алдыга жылыш байкалган жок. Өкмөттүн ырааттуу өнөр жай саясатынын жоктугу, тамырын кенен жайып алган коррупциялык тоскоолдуктардынн айынан кыйла иштер тек кагаз жүзүндө гана калып, биртоп маселелер чечилбеди. Атап айтканда, Канттагы цемент-шифер заводунун продуктылары өтө эле кымбаттыгы жакында президент менен элдин МТРК аркылуу жүргөн бааралашуусу маалында да эл тарабынан козголду. Мындай мисалдар оголе арбын.

Андан тышкары, көптөн бери кеп болуп келаткан Аксуудагы жүгөрү иштетүүчү комбинат быйыл ишке киргизилгени менен, Токмоктогу кыргыз-кытай кагаз фабрикасы жарым-жартылай иштеп жатат. Эки ирет сатыкка коюлуп, кардары чыкпай Карабалтадагы тоокен комбинаты турат. Ушундай эле тагдырга Ташкөмүрдөгү «Кристалл» жарым өткөргүчтөр заводу да туш болуп, болочогу арсар.

Ошондон улам өнөр жай өндүрүшүн бул жылы 6% жакын көтөрүү жөнүндөгү өкмөттүн болжолу ишке ашпай калат окшойт. Мунун себеп-жөнүн парламент депутаты Темир Сариев азыркы өкмөттүн экономикалык батыл реформаларды жасоого буямасы келбестигинен, аткаруу бийлиги көбүнесе саясий маселелер менен алектенип калгандыгынан көрөт.

- Бюджетке биз 5% өсүштү койгонбуз. Аны өкмөт аткара алган жок. Бул негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр. Президенттин тaпшырмасын да аткара алышкан жок. Мына жылдын аягына ашып барса 3,2% өсүш менен барышат. Бул 2005-жылга салыштырмалуу. Бул жылы, билесиз, бизде артка кетүү -0,6% болгон. Демек, 2004-жылдан бери бизде болгону 3 гана пайыздык өсүш бар. 5% өсүш үчүн бизде дүң продукцияга карата 20% тике инвестиция болушу керек. Инвестиция жок. Инвестициясын алып келип иштетем дегендерге бут тосушуп, мына Алматы-Чолпоната жолун салам дегендерден айрым өкмөт мүчөлөрү акча үмүт кылып салдырбай жатышат. Кызылкыяда завод курам дегенге курулушун салдырбай жатат. Жерүйдү иштетем деген жакшы инвесторду иштетпей жатышат. Анан алар өсүштү талап кылып жатышат. Өсүш жок.

Кыргызстандагы эң ири тоокен өндүрүшү «Кумтөр» алтын кениндеги тоо кыртышынын жылып кетиши жалпы өлкөнүн экономикалык абалына таасир көрсөтүп, ишенген энергетика тармагындагы реформалар кечеңдегенден-кечеңдеп, быйылкы жылдын кыйласы жарды өлкөлөрдүн бешенесине жазылган эларалык каржы уюмдарынын HIPC демилгесине кирүү-кирбөө талашы менен өтүүдө.

Ички дүң продукт көлөмүнүн 80% жакынын түзгөн тышкы карыздын олчойгон оор жүгүн Кыргызстандын талчыбык экономикасы көтөрө алабы? Улуттук арнамыс менен кадыр-барк коюлган таразанын экинчи табагына тапкан кирешеси социалдык тармакты “өлбө, жаным, өлбө” абалында кармап турууга араң жетишкен өлкөнүн экономикалык маселеси чоң саясий маселеге айланып отурат.

Өткөн жылы Кыргызстан экономикасы аз-аз жерден кургуйга кулап кетпей, ИДП көлөмү 0,6% төмөндөгөн. Быйылкыга өсүш 8% деп чектелген. Белгиленген көрсөткүчкө өлкө экономикасы жете алабы? Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановдун ырасташынча, алдыга коюлган максат-милдеттер сыртынан жеңил көрүнгөнү менен күтүлбөгөн саясий шарттардын тоскоолуна кабылса аткарылышы кыйын.

- Жеңил-желпи көрүнгөн милдеттерди аткарыш оголе кыйын иш. Эгер өлкөдөгү кырдаал ушинтип туруксуз болуп тура берсе алдыга коюлган милдеттердин аткарылышы мүмкүн эмес. Азыркы экономикалык команда мени туура эле түшүнөт го деп ойлойм, кийинки эки-үч айдын ичинде болуп өткөн окуялардан улам коюлган шарттарды аткаруу арсар.

Кыргызстандын мурдагы каржы министри Султан Медеровдун ырасташынча Кыргызстандын ички дүң продуктунун эң азын 18% түзгөн өнөр жай сектору бюджеттин киреше бөлүгүнүн 40% жакынын көтөрөт.

Негизинен «көмүскө экономиканын» колтугунда күн көрүп келаткан тейлөө тармагы менен мамлекеттик колдоого муктаж айыл чарбасынын кайрымжысы аз болууда. Мындай шартта азыркы жана кийинки өкмөттүн өнөр жай өндүрүшүнө өзгөчө көңүл бурушу мыйзамченемдүү көрүнүш.

Ф.Куловдун өкмөтү тоокен өндүрүшү менен энергетика тармагын өнүктүрүү жөнүндө арбын айтып, бирок да айтылуу PESAC программасынан кийин кедеринен кеткен тармакты жандантышка буямасы келбей калды. Быйылкы жылдын экономикалык көрсөткүчүнүн күткөн чекке жетпей калышынын бир себеби да ушул.

Анан капысынан эле өкмөттүн кызматтан кетип, милдетин аткаруучу болуп калганы – парламенттин айрым депутаттарынын пикиринде, 2005- жана 2006-жылдардын республикалык бюджеттеринин аткарылышына жоопкер болбой, 2007-жылдын бюджет долбоорун сунуш кылбай баса бергени – алардын ишине сын көп болоорунан, түбү барып парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөй коюшун алдын ала сезген кадам болгон. Ошентип, экономикада абал оорлоп турган чакта өкмөттүн кетиши жаңысынын болсо качан келээринин белгисиздиги – кыргызстандыктардын жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизүүдө.
XS
SM
MD
LG