Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

КУЛАЕВДИН ҮСТҮНӨН ЧЫГАРЫЛГАН ӨКҮМДҮ ЖОГОРКУ СОТ КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 2004-жылы сентябрде Бесланда мектеп окуучуларын барымтага алууга катышкан Нурпаши Кулаевдин үстүнөн чыгарылган өмүр бою түрмөдө олтурсун деген өкүмдү Орусиянын Жогорку соту күчүндө калтырды. Мунун менен Кулаевдин адвокаттары анын күнөөсүн жумшартуу боюнча жасаган аракеттери четке кагылды дешет. Адвокаттар бул ишти башка сот карап чыгуусун талап кылышкан экен. «Беслан үнү» комитетинин жетекчиси Элла Кесаева айтканга караганда барымтада жаткандардын өлүмгө дуушар болушунун себеби боюнча көрсөткүч берип аткан кайсы бир күбөлөрдүн далилдөөлөрүн сот иштен алып таштаган. «Азаттыкка» берген маегинде Кесаева эми Старсбургдагы адам укугу боюнча европалык сотко кайрылыша тургандыгын айтты.

2004-жылы 1-сентябрде Беслан калаанын №1 мектебинде орун алган барымтага алуудан баш-аягы 334 киши кырылып, алардын 186сы балдар болгон.
Эки жылдай созулган ошол терең кайгынын соту Түндүк Осетия-Алания жумуриятынын Жогорку соту тараптан быйыл 16-майда «террочулардын» бири деп колго түшүрүлгөн Нурпаши Кулаевди бүт өмүрү өткөнчө абакта калтыруу өкүмүн чыгаруу менен аяктаган.

Ошол өкүмдү Орусиянын Жогорку соту шейшембиде күчүндө калтырды. Мамлекеттик маалымат каражаттары аркалуу таркатылган кабарда Жогорку сот аны мындайчы негиздеди:

«Соттук коллегия Кулаев боюнча чыгарылган өкүмдү эч өзгөрүүсүз калтыруу – адилет экендигин аныктады», - деди Николай Лавров.

Кайсы бир анализчилер, барымтада жаткан бесландыктардын жанын коргоп калуунун ордуна террорчуларды жок кылуу башкы максат болгон. Ошон үчүн федералдык күч оор курал менен мектепти аткылап кирип ал жардыруулардын башталышына түрткү болгон дешүүдө.

Бийлик түзгөн текшерүү комиссиясы мурунку аптада жыйынтык чыгарды. Ал жерде комиссиянын төрагасы Александр Торшиндин айтымында, жардыруунун чыгышы - террорчулардын аракетинен улам болгону ырасмий түрдө далилденди. Бирок муну кайсы бирөөлөр дегинкиси бийликти жоопкерчиликтен куткаруу аракети болду деп баалашууда.

«Терактын келип чыгышына себепкер болгон бардык шарттар изилденген эмес. Биз Европалык соттун бул жерде мамлекеттин күнөөлүү экенин аныктап чыгышын каалайбыз. Эмне дегенде (орусиялык – ММ) сот адилет жүргөн жок. Чыгарган өкүмү үстүртөн болду. Бир террорчуга бардык күнөөнү жаба салып – бесландык каран күндүн нагыз себебин иликтөөдөн баш тартуу болду», - деди «Беслан үнү» комитетинин жетекчиси Элла Кесаева шаршембиде Жогорку Соттун чечими боюнча «Азаттыка» айткан жообунда.

Андан аркы кебинде Кесаева:

XS
SM
MD
LG