Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

БОРБОР АЗИЯДА АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ ЖАКШЫРГАН ЖОК


Бермет Эгембердиева, Прага Эл аралык эксперттердин пикиринде, аяктап бараткан жылы Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктарынын абалы негизинен жакшырган жок. Өзбекстан, Түркмөнстандан качкан саясий диссиденттер чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрүшөт, Казакстанда белгилүү саясатчылар киши колдуу болуп көз жумду. АКШ Конгрессинде болгон талкуу маалында Кыргызстандагы саясий окуялар бирок, Борбор Азиядагы демократиянын келечегинен үмүт берген белги катары бааланды.

Серепчилердин баамында Борбор Азияда адам укуктарынын басмырлануусу уланууда. Мисалы БУУнун кызматынан кетип жаткан баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, Өзбекстанда адам укуктары жаатында эч бир жылыш болгон жок. Абакка, атүгүл суракка түшкөндөрдү уруп-кыйноо азайган жок.

Лондондогу Хюман Райтс Вотч уюмунун өкүлү Том Портеостун пикиринде, эл аралык коомчулук Ташкенге карата бир беткей аракет көргөн жок.

"Бизди Өзбекстан боюнча өтө тынчсыздандырганы - бул Евробиримдик Анжыяндагы окуялардан кийин Өзбекстандагы кырдаалды чындап өзгөртө ала турган аракеттерди көрбөгөнү. Белгилүү болгондой Еврошаркет Өзбекстанга карата катаал санкцияларды бир жыл мурдараак кабыл алган.

Аталган уюмунун өкүлү Том Партеос бул чара Өзбекстандагы жагдайды өзгөртө алган жок деп белгилейт.

Түркмөнстандагы абалга көңул бура турган болсок, сентябрь айында Азаттык үналгысынын туркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадова мыйзамсыз курал- жарак алып жүргөн деген айып менен соттолуп, түрмөдө каза тапты. Батыштык адам укугун коргоо уюмдары Огулсапар айымга тагылган айыптарды жасалма иш катары сыпатташты.

Маркумдун денесин көргөн туугандарынын айтымында, башында чоң жарааттын тагы болгондугун айтышат. Түркмөн -Хельсинки кору Мурадованын өлүмүн саясий өлтүрүү катары баалады.

Эми Казахстанга көңүл бурсак. Казахстанда жыл башында белгилүү саясатчынын өлтүрүлүшү эң табышмактуу ишке айланды.

13-февралда Алтынбек Сарсенбаевдин өлүгү 2 жардамчысынын денеси менен бирге Алматынын чет жагында табылган. Сарсенбаев "Нагыз Ак Жол" деп аталган оппозициялык партиянын теңтөрагасы болчу. Орусиядагы мурдагы элчи, экс-министр Сарсенбаев, Казак өкмөтү жана өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев тууралуу сын сөздөрдү ачык айтып келген.

Ошондой эле июнь айында Казахстанда массалык маалымат каражаттарынынын каттоосун татаалданткан жана сөз эркиндигин чектеген мыйзам кабыл алнды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандагы адам укуктарынын абалы оңолбогонун белгилеп, Казакстандын бул уюмга төрагалык кылуу дымагын кийинкиге жылдырып, талкууну эмдиги жылга калтырды.

Сунушка көбүнчө Британия жана АКШ каршылыгын билдирген, алардын оюнда Казакстан Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун стандарттарын кабыл алуу менен эле чектелип калбай, аларды турмушка ашыруу багытында көп иш аракеттерди жасашы керек. Бирок, кандай болгон күндө да, АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Николас Бөрнс ырасмий Астананын үмүтүн жанданткан сөздөрдү айтат.

"Биз Казахстандын стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз жакын досторбуз. Казакстан бул уюмду жетектөөнү каалаганы бизди кубандырат. ЕККУда баары мунасага келмейинче чечим кабыл алынбайт. Ошондуктан 2007-жылга чейин күтө туруп, 2007-жылы Казакстандагы жагдайды дагы бир сыйра карап чыгып, анан чечкенибиз оң."

Декабрдын башында АКШнын өкүлдөр палатасында Кыргызстандагы абал такууланып, бул өлкөдөгү саясий окуялар, элдик толкундоолор, оппозициянын өктөм талаптары демократиялык өзгөрүүлөр алып келгени белгиленди. Конгрессмендер Кыргызстандагы кырдаал жалпы Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалына таасир этиши мүмкүн деген тилектерин билдиришти.

Сүрөттө: Курал - жарак алып жүргөн деген айып менен соттолуп, түрмөдө каза тапкан "Азаттык" үналгысынын түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадова.

XS
SM
MD
LG