Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:48

БАЖЫ КЫЗМАТЫ КОРРУПЦИЯГА КАНЧАЛЫК БАТКАН?


Кыргызстандын бажы кызматы 1991-жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен уюштурулган. Дал ушул декабрь айында 15 жыл толот. 15 жыл ичинде Кыргызстандын бажы кызматынын статусу бир нече жолу өзгөрүлгөн. Алгач түзүлгөндө жана азыр ал - Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик бажы инспекциясы. Айрым жылдары өкмөттүн эмес, Каржы министрлигинин алдында болсо, айрым жылдары Каржы министрлигинин алдындагы кирешелер комитетеинин департаменти катары - төмөнкү статуста ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Ошондой эле кайра те жогору - мамлекеттик комитет статусуна көтөрүлгөн учурлары болгон. Талдоочулар бажы кызматынын мындай тез-тез өзгөртүлүп турушун коррупция менен байланыштырышып, бажыны коррупциянын көк бөрү оюну катары мүнөздөп келишет.

Бийлик башындагылардын пайда көрүшүнө ыңгайлашып гана өзгөрүлүп турат деп эсептешет. Коррупция демекчи, Кыргызстанда бул сөз айтылар замат аны биринчи кезекте бажы кызматы менен байланыштыргандар ого эле көп. Кесиптешим Элеонора Бейшенбек кызы көчө-маек уюштуруп, Кыргызстандагы коррупция жаатында суроо салганда - дээрлик көпчүлүгү бажыкана багытын ала сүйлөшүптүр. Маселен, Бишкек шаар тургуну Жолдошбек Чоконоевдин ою боюнча, Кыргызстандын жогорку бийлик эшолонунан коррупцияга аралашпаган, таза адамды табуу таптакыр мүмкүн эмес. Аларга бажыкана - өзүнчө эле коррупция дасторкону.

Жогорку Кеңеш депутаты Султан Урманаев Советтер Союзу убагындагы бажы кызматынын тазалыгы адамдардын мекенчилдик (патриоттук) сезиминин күчтүүлүгү жана “үч тамганын” – азыркы аталышы боюнча айтканда, улуттук коопсуздук кызматынын катуу тескөөсү менен шартталган эле деп эсептейт.

Тилекке каршы, Кыргызстандын азыркы улуттук коопсуздук кызматы болсо баарысын, анан ичинде бажы кызматын тартипке келтирмек түгүл, бүгүнкү күндө ошо бажычылар менен пайда бөлүшкөн деңгээлде калды, анан кантип бажы кызматкерлери коррупцияга батпасын деген оюн дагы бир депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеш олтурумунда улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновго карата айткандыгын угармандардын эсине сала кетели:

-Урматтуу депутаттар! Мен бизнесмен болбосом да билем элдин ыйын. Эркештамда, Торугартта бажы кызматынын өкүлү олтурат, чегара кызматынын өкүлү олтурат, анан улуттук коопсуздук кызматынын- силердин өкүлүңөр олтурат. Ар биринин пайда үлүштөрү бар. Мыйзамды сактоо үчүн эмес, ошол пайда үлүштү алып калыш үчүн олтурасыңар. Болбосо, канчалаган мыйзам беренелери боюнча коррупцияга байланыштуу иш козгойт элеңер да. Милициягабы, прокуратурагабы, өткөрүп берет элеңер да. Силер өзү өтө чоң, системалык контрабанда менен күрөшүүңөр керек болчу.

Кыргызстанда бажы кызматы эле эмес, бажы кызматына жакындагандар да коррупцияланып кеткен деген түшүнүк калыптанган. Ал эми бажы кызматындагы мыйзам бузууларды Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдыналуу боюнча улуттук агенттигинин комиссары Курманбек Жороев буга чейинки калыптанган иш-системасы менен байланыштырып карайт:

-Бажы кызматынын иштерин анча-мынча иликтеп көрдүк биз. Жетекчиси жакында эле дайындалды го дейм – жарым жыл мурда. Эркештам жана Торугарт бажы бекеттериндеги башаламандыктар, Кытайдан келген жүктөрдүн толук декларацияланбай, жашырылып жатышы тууралу Президентке, Кыргыз өкмөтүнө билдирүү жибергенбиз. Өткөндө Президент Жогорку Кеңешке, Кыргызстан элине кайрылып сүйлөгөндө бул маселеге учкай кайрылып кетти окшойт. Бажы кызматын ар тараптуу текшерүүнү эмдиги жылга пландаштырып жатабыз.

Комиссар Курманбек Жороев коррупциянын тамырлоосун аныктоо үчүн мындан ары ар бир кызмат адамы боюнча маалымат куржуну түзүлөрүн да баса белгиледи.

Кыргызстандын бажыкана ишмердүүлүгүндөгү азыркы башаламандыктарды Коррупциянын алдыналуу боюнча улуттук агенттигинин Эркештам аркылуу Кытайга чейин иш сапар менен барып келген жооптуу кызматкери Султангазы Касымов конкреттештирип сүрөттөдү. Ал сөздү Кытай тараптан баштады:

-Алардын терминалы чегарадан 600 метр эле ары жакта турат экен. Аябагандай чоң кампалар, имараттар. Ошол жерден килейген жүк машиналарга – бийиктиги 25 метрге чейин жүк жүктөшүп биздин чекке келишет экен. Кытай тараптагы жол чегарага чейин мизилдете асфальттанган. Биз жак тараптын жолу талкаланган боюнча жатат. Тигинче жүк менен эч ким жүрө албайт. Андыктан Кыргызстандын чегарасында тиги жүктөрдү бүт түшүрүп, каалагандай чачып, башка автомашиналарга - КАМАЗдарга жүктөп, Оштогу терминалга кетип жатышат. Жүктүн жарым-жартылайы эле Ошко барат окшойт.

Кыргызстанда бажы кодексинин талабын аткарып, келген жүктү толук кирешелеш деген жок. Демек, бажы төлөмү толук алынбайт. Кытайдан жиберилген жүктүн көлөмүн жазып келип салыштырсак – айырма асман менен жердей.

Султангазы Касымов, кеп кыябын келтирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев республикалык бажы кызматына миллиард сомдоп кошумча салык жыйноо боюнча тапшырма бергендигине да өз пикирин билдирди:

-Ал жанагы кириштин толук катталбай, жаап-жашырылып келген бөлүгүнүн эсебинен да. Жарым-жартылай гана кириш болорун билишет да. Башка кандай деп айта алабыз?

Кытайдан Эркештам чегара, бажы бекети аркылуу өтүп, Сарыташка келген жүктөрдү автомашиналарга кайра жүктөө учурундагы башаламандыктарды Коррупциянын алдыналуу боюнча улуттук агенттигинин жооптуу кызматкери Султангазы Касымов мындайча сүрөттөйт:

- Биздин чекте – Сарыташта Кытайдын машинелеринен жүктү түшүрүп, биздин машинелерге кайра жүктөп 150дөй жигит иштейт экен. Айрымдары ошол жерликтер, Алайдан, Оштон баргандар да бар. Ошол жердеги вагондордо жашашат кадимкидей. КППдан 100 метр эле бери жакта, бажы кызматкерлеринин эле көзүнчө каалагандай чачып, каалагандай алып-жулуп – жүктөп атышат. Эркештам бажы бекетинин эң чоң байлыгы ушунда экен - Өзбекстанга бара турган товарлар да, Тажикстанга бара турган товарлар да, Орусияга бара турган товарлар да ушул бекеттен өтөт экен.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Данияр Үсөновдун да Эркештамдан Ошту карай жүк алып кетип аткан автомашиналардын саны менен Эркештам чегара, бажы бекетинде катталган автомашиналардын саны дал келбей калгандыгы, катталгандар алда канча аз экендиги тууралу чамынып айткан сөздөрү элдин эсинен чыга электир.

Биз жогоруда айтылган сын-пикирлерге жооп берүүсүн өтүнүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы инспекциясынын деректири Салайдин Айдаров мырзага микрофон сундук. Ал өзү да эл-журттун баары эле коррупция десе эң оболу бажыкананы түшүнөөрүн моюнга алып, кеп нугун биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөновдун чуулгандуу билдирүүлөрүнө бурду:

-Данияр Токтогулович менен барганыбызда ал Ошту карай жүк алып келаткан машиналарды эсептеп барыптыр. Чегара, бажы бекетиндеги каттоо журналын караса анчалык машина катталган эмес. Жүк Кытайдан 60-70 тонналык машинелер менен келерин, биздин чекте 10-15тонналык машинелерге бөлүштүрүлүп кайра салынарын, демек, Ошко бараткан машиналардын саны алды канча көп болорун айтканыбызда Данияр Токтогулович туура түшүндү кийин.

Кытайдын ченемсиз чоң КАМАЗдары менен Кыргызстан жакка келген жүктөрдү каттатып-каттатпай, анан да каалагандай чачып, каалагандай алып-жулуп, анан Кыргызстандын жүк машиналарына ойгелди жүктөп кетишет деген дооматтарды Республиканын мамлекеттик бажы инспекциясынын деректири Салайдин Айдаров четке какты:

-Жок, ал жерде бажыкананын текшерүү тилкеси бар, ошол жерде которуштурулат жүктөр. Бажы кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот баарысы. Сырттан баргандарга ойгелди жүктөп аткандай сезилет окшойт. Жүктөлүп бүткөн машиналарга атайын пломбалар басылат. Таланып-тонолот экен деген сөздөргө мен кошула албаймын. Ошко чейин атайын коштоочулар менен келишет.

Кытайдын бажы кампасы, терминалы чегарадан 600 метр гана ары жакта турат экен. Ошонүчүн тартип! Кыргызстанда болсо келген жүктөрдү каалагандай алып-жулуп калыш үчүн бажы кампасын, терминалды атайлап чегарадан 200 чакырым алыстыктагы Ошко курушкан деген пикирлер жаатында Салайдин Айдаров буларды айтты:

-Биринчи Кыргыз мамлекети түзүлүп атканда терминал Ошко жайгаштырылып калган экен. Ошондон бери эле чегарага жакыныраак жерге куралы десек – чактыбыз келбей жүрөт. Мамлекеттин чактысы. Келечекте, жакынкы жылдары куруп каларбыз. Жакыныраак болушу керек деп айтышканы туура элдин.

Депутат Султан Урманаев эгемендүү Кыргызстандын Торугарт бажы бекетин коррупцияга каптаткандардын өкүлдөрү азыр деле бийликте олтурушкандыгын кыйытты:

-Кыргызстандын бажы кызматын башынан коррупцияга каптаткан жалгыз гана Акаев эмес. Азыр мамлекетти, өкмөттү башкарып тургандар а кезде Акаевдин орунбасары, өкмөт башчысы сыяктуу кызматтарда болчу. Лицензия дегендерди так ошолор берчү. Вертолёт, танктарга чейин бажы бекетинен өткөрүп - сатып жиберишкенин билгендер көп. Ошондон баштап бажыканаларды коррупция уялап алды. Азыр эми Кытайдан алма, эттен бери өтөт.Орусияга чейин кетет. Ошонүчүн бажы кызматы Кыргызстандын айыл чарбасынан бери талкалады десек болот.Өнөр жайыбызды өстүрбөй атат. Бажы кызматынын өзүнүн гана жазылып-жазылбаган мыйзамы бар. Кыргызстандын мыйзамы алар үчүн мыйзам эмес.

Соңку кездери ушу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы инспекциясынын деректири Салайдин Айдаров жөнүндө пикирлер да биринен сала бири жарыяланып жатат. Айрыкча интернет сайддарда. Айрымдары гезит беттерине да жарыяланды. Маселен, Президент Бакиевге, Премьер министр Куловго, спикер Султановго маалымдоо катары жолдонгон бир кайрылууда (кайрылуунун авторлору көрсөтүлгөн эмес) Салайдин Айдаровду Акаев доорунда “кошелёк” атка конгон Мурат Малабаевдин түздөн-түз мураскору катары баалашкан. Анын эсепсиз байлыгы тууралу маалымат беришкен. Маселен, Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө 250 000 доллар баасындагы элиталык квартирасы, Раззаков көчөсүндөгү бир үйдө 1 200 000 доллар баасындагы төрт квартирасы, 630 000 доллар баасындагы “Тет-а-тет” жана “Аристократ” кафелери, Ысыккөлдө 350 000 доллар баасындагы эки жер үйү (особнягы), Ошто “Фрунзе” базары, “Ричман” рестораны, “Интурис” мейманканасы, “Беркут” казиносу жана башка байлыктары бар экендигин бүт дарек-дайны менен жазышкан жана ошол байлыктардын баарысы коррупциялык жол менен жыйналган деген бүтүм чыгарышкан.

Жагдайдан улам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы инспекциясынын деректири Салайдин Айдаров мырза менен кенен-кесири маек курууга туура келди. Анда ошол маегибизге назар таштасаңыздар.

-Салайдин мырза, оболу ушу деректирлик кызматка, анан дегеле бажы кызматына качан келгениңизди айтып койсоңуз?

-Бул кызматка ушул жылдын апрелинде келгемин. Четтен келген жерим жок – бажы системасында 1994-жылдан бери иштейм.

-Эмне үчүн эле бажы кызматын коррупция менен катуу байланыштырышат?

-Бажы кызматкерлери төлөмдү – акчаны биз өзүбүз алабыз да. Салыкты өзүбүз жыйнайбыз. Ошон үчүн го дейм.

-Салайдин мырза, сиздин байлыгыңызды тизмелеп аягына чыгара албай атышат массалык маалымдоо каражаттары. Өзүңүздүн да көзүңүз чалгандыр?

-Окуп атам. Интернеттен деле көрдүм. “Агым” гезитинде да жүрөт. Албетте, алардын баарысы эле мага караштуу эмес. Жазып кеткендердин ичинен Оштогу үй мага ата-энемден калган. Бишкекте төрт балам менен көп кабаттуу үйдө турам. Оштогу “Интурист” мейманканасы,”Ричман” рестораны менин агама таандык. “Фрунзе” соода комплекси атамдыкы. Атам 40 жылдан ашык соода тармагында иштеп, азыр да ишкер катары алектенет. Калгандары тууралу билбеймин, мага тааныш эмес. Жок нерселерди деле жаза беришкен да.

-Жок нерселерди жаза беришкен деп атасыз, жазгандар дайын-даректерин толук көрсөтүп атышпайбы. Андыктан ошол даректерге да кызыгып көрсөңүз керек?

-“Тет-а-тет” деген ресторанга барып көрдүм кызыгып. Бишкекте. Ал корей улутундагы адамдардыкы экен. Тигилер айткан дагы бир үйгө барып көрсөм ал бир аял кишиники экен. Өзүм гана жашайм дейт. Түшүнбөй калдым жазгандарга. Же аты-жөнүн көрсөтүшпөйт.

-Айрымдарында макаланын авторлору да көсөтүлгөн болуш керек эле?

-“Айдар Абдразаков” деп коюптур. Фамилияма окшоштурганыбы. Андай адамды же эч ким билбейт. Шектүү.

-Эми сиз жетектеген мамлекеттик бажы инспекциясынын иштери тууралу сөз кылсак. Сиздерде салык катыра жыйналып аткандыгы боюнча байма-бай айтылууда. Өз оозуңуз менен айрым сандарды атасаңыз?

-2006-жылдын 11 айында 9млрд 801 млн сом чогултулду Кыргызстандын бажы кызматы тарабынан. Бул мамлекетибиздин салык төлөмдөрүнүн 55 пайызын түзөт.

-Мурдагы жылдар менен салыштырганда...

-2005-жылы 11 айда 7млрд 147 млн сом болгон экен.

-Салайдин мырза, Президент Курманбек Бакиев сиздердин бажы кызматына пландагыдан ашыкча миллиондоп-миллиарддап салык жыйноо тапшырмасын берип жатпайбы, ошого токтолсоңуз?

-Ушул жылы февралда болуп өткөн Кыргыз өмөтүнүн жыйынында Президент Курманбек Бакиев кошумча 700 млн сом жыйноо тапшырмасын берген. Аны биз Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамына карата эле аткарып койгонбуз.

-Сиз кечирип коюңуз, албетте. Кошумча салык жыйнагыла десе эле жүз миллиондоп жыйнап атасыздар. Сиздерде эмне акча суудай эле агып турабы? Дегеле ошол кошумча миллион-миллиарддарды кантип таап жатканыңыздарды кененирээк баяндасаңыз?

-Биз офицерлик форма кийип тургандан кийин тапшырманы талкуулап олтурбай аткарууга киришебиз. Акаев доорунда дейди кетчү акча булактарын бүт бюджетке буруу жолу менен жана контрабандалык жүктөрдү кыскартуу жолу менен ошол ийгиликке жетиштик. Дагы кошумча бажы салыгын жыйноо аракетиндебиз ал тургай.

-Ырахмат маегиңиз үчүн.

Кошумчалай кетчү нерсе, азыр Кыргызстан боюнча 39 гана бажы бекети бар. Анын ичинен үчөө аэропорт, үчөө темир жол бекеттери. Башкы көңүл, жогоруда сөз болгондой, күнү-түнү иштечү эл аралык өткөөлдөргө бурулууда. 2008-жылы Кыргызстандын бардык бажы бекеттери оңдолуп бүткөрүлөт деген мамлекеттик максат-мүдөө турат.

Кыргыз улуттук университетинин бажы кадрларын даярдоо факультетинин декан орунбасары, саясат таануу илимдеринин кандидаты Гүлнура Жоробекова Кыргызстандын бажы кызматы азыр кыргызстандыктардын эле эмес, эл аралык уюмдардын да көз алдында тургандыгын баса белгиледи:

-Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенден кийин эл аралык бажы бекеттеринен жасалма товарлар өтпөш керек. А Кытайдан болсо жасалма товарлар эсепсиз-ченсиз өтүп атат. Мындай шартта Дүйнөлүк соода уюму Кыргызстанга ири өлчөмдөгү айып пул төлөтүшү мүмкүн.

Гүлнура Жоробекованын айтымында, бажы тармагына Кыргызстандын университеттери бажы адистиги боюнча даярдаган бүтүрүүчүлөр кабыл алынбайт. Анткени, мамлекеттик бажы кызматына байланыштуу мыйзам актыларында кызматка ошондой адистер кабыл алынсын деп көрсөтүлбөптүр. Гүлнура Жоробекова болсо Жогорку Кеңеш ошол мыйзам беренесин өзгөртүүгө мезгил жетти деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG