Ал Саддамдын үстүнөн сөт өнөктүгү адилет өткөнү күмөн экенин белгиледи. Саддам Хусейндин адвокаттары да эл аралык коомчулукту Ирактын мурунку диктаторун өлүм жазасынан сактап калууга чакырды. Халил ал-Дуламинин айтымында, Саддам согуштун туткуну жана эл аралык мыйзамга ылайык, душмандарына өткөрүлүп берилбеши керек. Апта башында Ирактын аппеляциялык соту Саддамга буга чейин чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган.
Адам укуктары боюнча БУУнун өкүлү Луиза Арбур Ирак бийлигин Саддам Хусейнди өлүм жазасына тартпоого чакырды