Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 09:20

КАРАҢГЫДА КАМАН КҮРКҮРӨБӨСҮН…


«Белый пароход» гезитинин баамында өтүп бараткан жыл тилекке каршы өлкө капиталынын ичти көздөй эмес, сыртты көздөй агылышынын жана миграциянын күчөшүнүн жылы болду жана жаңы бийлик бул экөөнү жүгөндөп калууга кудурети жеткен жок. Айрыкча жыл Бакиев үчүн өтө оор болду. Жыл бою ал жана анын үйбүлөсү сындан арылбады. Баарынан кызыгы, Кыргызстан 24-марттын алдында баштаган ордуна айланып кайра келгени… мына ушулардын баары кыргыз бийлигинин ички саясаттагы ишмердиги кандай экенин аныктай турган көрүнүш болду, деп жазды.

«МСН» гезити, азыркы күндө баары… бийлиги да, оппозициясы да Жаңы Жылдын босогосунда турганын, бактыга жараша алар бул жолу мындай үйбүлөлүк майрамды Ала Тоо аянтында эмес, үйлөрүндө тосушарын, ылайым эле ушундай болушун, эл ишеним арткан атка минерлер жаңырган жыл кандай болуп кетер экен деп кооптонуп турган эл-журтка жаңы үмүттөрдү, жакшылыктарды жаңы жылдык белек катары тартуулашын тилеген.

«Кыргыз туусу» президенттин иниси Жусуп Бакиев атындагы коомдун колдоосу менен 8ден 13 жашка чейинки 36 бала Орусия ички иштер министрлигинин санаторийинде эс алууга барарын кабарлады.

«Кыргыз руху» «Саясат саясат эмей эле соода сатык базарына айланганын», президент кадимки эле Кара-Суу базарында жүргөнсүп парламент менен соодалашууга өткөнүн, депутаттардын көбү бийлиги үчүн президенттин талабын аткарууга даяр болгонсуп турганын, кокустан 41 депутаттын демилгеси ишке ашып кетсе кайрадан таз кейпибизге, бир адамдын жекебазар бийлигине баруу коркунучу турганын публицист Үсөн Касыбековдун макаласы аркылуу кең-кесири айтып берген.

«Бишкек таймс» буга чейин кыргыз баласы окуу китептерден гана сүрөтүн көрүп, бирок өзүн көрөлек төөкуш багып, аны өзүнчө чарбага айлантып келаткан Үркүнбек мырза менен баарлашкан, көрсө, 4-5 айлык балапан төөкуштун бирөө 400 доллар, 18 айлыгы 2000 доллар, эки ургаачысына бир корозун кошуп сатса 7500 доллар болорун айтып берген Жуматаев, азыр короосунда Африкадан жана Австралиядан алып келген төөкуштарды багып жатканын баяндаган. «Азаттыктын» окурмандарынын эсине сала кетели, бир кезде биз адабияттан окуган, Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин айтылуу «Үч баатыр» поэмасынын бир баатыры, Улуу Ата Мекендик согушутун эр жүрөк жоокери Кубат Жуматаев мына ушул төөкуш багып аткан Үркүнбек Жуматаевдин бир тууганы болот.

«Агым» гезитине анын өткөн сандарынан бери жарыяланып келаткан белгилүү коомдук ишмер Роза Отунбаеванын өлкөнүн ички турмушун алай-дүлөйгө түшүрүп, элин багалбай, аялдарынын көкүрөгүн музга, көчүгүн сызга олтургузган он беш жылдык жагдайлар, ага жеткирген адамдар, азаптын тагы маңдайына жазылгансып… баарын, баштыгын да-үштүгүн да, ага кошуп Ата Мекенин да … ийрейген жонуна көтөрүп келаткан Кыргыз Аялдары тууралуу жаны ачуу менен сөз кылган макаласынын уландысы жарыяланган.
XS
SM
MD
LG