Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

ЖАШ МУСУЛМАНДАР ТЫНЧТЫКТЫ АЖЫЛЫК САПАРЫНАН ИЗДЕШҮҮДӨ


Ушу тапта Сауд Арабстанда эки миллиондон ашуун мусулман ажылык парзын аткарып жүрүшөт. Зияратчылар үстүбүздөгү түндү Мина өрөөндө өткөрүштү. Мусулмандык беш парзынын бирин аткаруу үчүн быйыл Меккеге келгендердин арасында жаштар дагы аз эмес. Аларды бул кадамга эмне түртөт? Булар жөнүндө британдык “Independent” гезити жазып чыккан.

Бүгүн Яшир Наваб өзүн сырттан караганда тааный алмак эмес. Себеби кечээ эле чачын тигинен тургузуп алып, Лондондун эң модалуу дүкөндөрүнөн кийинип жүргөн Яшир, бүгүн болсо ыйык Мекке шаарында чачын кырып алып, сакалын өстүрүп миллиондогон зыяратчылардын арасында жүрөт. Анын үстүндөгү жөнөкөй ак кийим, бул болсо “Бардыгы Алланын алдында бир” дегенди билдирет.

28 жаштагы Яшир Улуу Британиянын Плэйстоу шаарынан болот жана бул күнгө чейин миңдеген шаардык жаштардан эч айырмаланбай келген. Анын ата-теги Индиядан. Эми ал 5 күнгө созула турган ажылык сапарын баштады. Аны менен бирге Мекке шаарында Улуу Британиядан келген 23 миң мусулман жүрөт. Алардын көбү өздөрүнүн көкүрөгүндө дин түшүнүгүн кайрадан ачып жатышат. Бул зыяратчылар өткөн жылы Лондондогу жардыруулар жана Исламофобия, башкача айтканда “Исламдан коркуу” маанайы жөнүндө айтышат.

Ажылык ар бир дени сак мусулман үчүн милдеттүү парз. Мусулман лидерлеринин айтымында бул жылы 3 миллион зыяратчыларга кошулган британдыктардын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзөт. Зыяратчылар жөө Мина чөлүн басып өтүп, андан соң Арафат тоосун карай жөнөшөт. Мухаммед пайгамбар 632-жылы Арафат тоосуна акыркы жолу зыяпатка барган. Өздөрү менен кошо зыяратчылар суу, тамак-аш жана жай намаз көтөрүп алышкан. Алар менен бирге бара жаткан Яшир пикири менен мындайча бөлүшөт:

-Улуу Британиядагы Исламга болгон терс көз караш мени бул динге алып келди. Күн сайын күчөп бара жаткан Исламофобия мени мындан ары Ислам динин бекем кармоого үндөп жатат. Батыш маданиятын сактаган адамдардын саны азайууда. Батыш маданиятын унутуп, Исламга кайрылган көп жаштарды көрдүм,-дейт Яшир.

Ал эми британдык жаш мусулмандардын мурдагы президенти Амин Захиддин пикиринде, эгерде мурун ажылык сапарга 50-60 жаштагы адамдар аттанса, азыр болсо өз парзын аткарууга 20-30 жаштагы уландар барууда. Алардын көпчүлүгү массалык маалымат каражаттарындагы мусулмандарга каршы айтылган аңыз-кептерден улам динге көбүрөөк байланууда. Ошондой эле Батыштын маданиятынан өздөрүн издеп, бирок ага канааттанбай, кайра өз тамырларына кайтууну чечкендер дагы аз эмес.

18 жаштагы Зенаб Пател уюлдук телефондорду саткан дүкөндө иштейт. Анын айтымында ал зыяратка Ислам жолун тандоо үчүн чыккан. Ал эми Иракта суннилер менен шиилер араздашып жаткан убакта 26 жаштагы британиялык Юсуф Тай ажылык анын түшүнүгүн кеңейткенин айтат:

-Меккеде жүрүп, түрдүү маданиятта калыптанып калган адамдар менен кездешүү мен үчүн сүрөттөп бергис сезим калтырды. Ар бири өзүнүн салтын аткарып жатса дагы, бардыгын Ислам бириктирүүдө. Бул башка маданияттарга карата сабырдуу болууга үйрөтөт,-деди Юсуф Тай.
XS
SM
MD
LG