Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:24

БИШКЕКТЕГИ КУРМАН АЙТ НАМАЗЫ


31-декабрь күнү эрте менен Бишкек шаарынын эски аянтында Курман айт намазын окуу расмиси өткөрүлдү. Кыш чилденин таңкы суугунда 50 миңге жакын мусулман Айт намазга жыгылды.

Уюштуруучулар кыш чилденин кычыраган суугун, намаз Жогорку Кеңеш имаратынын алдындагы муз болуп каткан эски аянтта окулуп жаткандыгын эске алышканбы, бул жолу Айт намазына жыгылуу расмиси жарым саатка гана созулду. Мурдагыдай биринен сала бири узун сабак сөз сүйлөгөндөр болгон жок.

Суукка карабай 50 миң адамдын Кудай деп, ислам деп зүкүт салып турганына тообо сөздөр кайталанды.

Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов өз сөзүндө Курман айттын улуулугун белгилөө менен, курмандыкты ушул күндөн баштап үчүнчү айт күндүн намаздигерине чейин сойсо болорлугун эскертип өттү. Курмандык союп эл-журтка тараткан кыргызстандык атуулдарга, аны салт кылып бараткан түркиялык, арабстандык меймандарга ыраазычылык билдирди.

Куттук сөзүндө Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев Бишкек шаарынын, жалпы эле Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүн тилек кылды.

Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсетдин Үнал мусулмандарды жалпы Кыргызстандагы элчилик өкүлдөрүнүн атынан куттуктады.

Андан кийин сапан-сап айтылып, муфтий Мураталы-ажы Жумановдун имамдыгы менен 50 миңдей мусулман Курман айт намазына жыгылды. Кыргызстандагы мусулман дин ишмерлеринин ынтымак-ырашкерлиги күч болгондо бул аянтта намазга жыгылчулардын саны мындан да көп болмок шекилдүү.

Бир катар ислам топтору Кыргызстанда Курман айт Өзбекстан, Саударабстан сыяктуу мамлекеттердегидей 30-декабрда окулуш керек деп талап кылып келишкендиги белгилүү. Алар муфтияттын сунушу боюнча чыгарган Кыргыз өкмөт башчысынын Курман айт күнүн белгилөө жөнүндөгү токтомуна карабай, Курман айт расмилерин 30-декабрда аткаруу чечимине келишкен. Ошондой молдолордун бири Мамасабыр Досболов.

Өзүн “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын мүчөсү катары тааныштырып жүргөн Эрлан Бектемировдун бизге берген маалыматы боюнча да, ушул ишмердүүлүгүнө тыюу салынган партияга жан тарткан кыргызстандык мусулмандар бүт Курман айтты 30-декабрда өткөрүшүптүр.
XS
SM
MD
LG