Орусия президенти Владимир Путин башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен катар эле Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевке да жаны жылдык куттуктоо катын жолдоду. Куттуктоосунда Путин Орусия менен Кыргызстандын өткөн жылкы өз ара карым-катнашына жогору баа берген. Мындан ары орус-кыргыз кызматташтыгы дагы да өнүгүп, чыңала берерине ишеним билдирген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.