Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

2006-ЖЫЛ КЫРГЫЗ СПОРТУНА ЧОҢ СЫНОО БОЛДУ


Кабыл Макеш, Акан Иманов, Бишкек Ошентип, 2006-жыл да аяктады. Аны менен бирге өлкөдөгү спорт оюндары өзүнүн сезонун аягына чыкты. Өткөн жылдын эң негизги, эң маанилүү мелдеши - ХV Азия оюндары болуп, ал боюнча кыргыз спортунун 2006-жылдагы абалы жана жыйынтыгы чыгарылды. Чынында өткɵн 2006-жыл кыргыз спорту үчүн чоң сыноо болду.

Албетте, жылдын башынан бери кыргызстандык спортчулар эларалык ареналарда ойноп, ийгиликтерге да жетишип жатышты. Айтсак, грек-рим, эркин күрөштө, оор атлетика менен жеңил атлетикада, кикбоксинг менен тайбокс, самбо, таэквондо боюнча жылдан жылга оозго алынып келаткан спортчулар ийгиликке жетишти. Улуттук көкбөрү оюнунда Кыргызстан Казакстанды утуп, кайрадан биринчи орунга чыкты. Анан да быйыл жалпы күйөрмандарды сүйүнткөнү - футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону «Дордой-Динамо» Малайзияда АФКнын «Президенттик кубогун» жана Кытайга барып «Изчилик» кубогун жеңип келди. “Дордой” футбол клубунун вице-президенти Улукбек Салымбековдун айтымында командасы Кыргызстандын үч жолку чемпиону аталып, эгемендүүлүк кубогун да үч ирет колдон чыгарган жок.

Бирок, баары бир спорт адистери кыргыз спорту жакшыбы, жаманбы, аны 2006-жылдагы XV Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча баа берип жатышат.
Себеби, быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Катардын Доха шаарында 15-Азия оюндары болуп өттү. Негизги басым да ушул Азия оюндарына даярдык көрүүгө жана олимпиадалык таймашуулар болду. Өтүп бараткан жылдын мыкты спорттук федерациясы деген сыйга өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясы татыктуу дешүүдө спорт адистери. Ушундай сыйлык дагы жоопкерчиликтүү иштеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга милдеттендирээрин федерациянын президенти Бейшен Абилдаев айтты. Себеби, 15-Азия оюндарында кыргызстандык төрт балбан грек-рим күрөшүнөн коло байгелүү болушту. Калыстардын айынан Данияр Көбөнов Пусанда жана Дохадагы Азия оюндарында алтын байгеден куру калып, арманда жүрөт. Азия оюндарынын таймаштары тууралуу Азия чемпиону, 14-15-Азия оюндарынын күмүш, коло байге ээси Данияр Көбөнов мындай деди.

"Дохадагы 15-Азия оюндарында грек- рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбандар Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимовду жылдын мыкты спортчулары деп атоого негиз бар."

Күзүндө Кытайдын Гуанжу шаарында өткөн эркин жана грек-рим күрөшүндө да Канатбек Бегалиев финалда кытайлык балбан менен күрөшүп таза жеңишке жетсе да калыстардын айынан алтын байгеден куру калып, күмүш медаль тагынган. Спорт адистери Канатбек Бегалиевди жылдын мыкты спортчусу атап, анын чеберчилигине жогору баа беришүүдө. Себеби Канатбек Бегалиев жайында Монголияда өткөн дүйнөлүк студенттердин биринчилигинде да баш байгенин ээси болгон.

15-Азия оюндарына катышкан 45 өлкөдөн Кыргызстан 2 күмүш. 6 коло байгелүү болуп, 28-орунду камсыз кылды. Пусандагы ийгиликтерге жетпей калуунун себептерин улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов спортчулардын даярдыгы чийки болгону менен түшүндүрдү. Анын айтымында спортко болгон мамилени өзгөртүп, дүйнөлүк ыргактан калышпай жаңы тажрыйбаларды колдонуу зарыл.

Өтүп бараткан жылдын мыкты спортчусу деп оор атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан Улан Молдодосовду атоого болот. Дохадагы 15- Азия оюндарында төртүнчү орунду ээледи.
Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефимнеко төрт жыл мурда Пусанда 14- Азия оюндарында чемпион аталса, бул ирет Дохада тактикалык ката кетирип, чемпиондугун сактай албай күмүш медаль тагынды.
Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккерди быйылкы жылдын мыкты спортчусу деп атоого толук негиз бар. Евгенийдин мындай ийгиликтерге жетүүсүнө Германияда жашап, чет өлкөлүк клубдарда машыкканы өбөлгө болууда.

Ошондой эле бильярд боюнча дүйнө чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Каныбек Сагындыковду да жылдын мыкты спортчусу деп атаса жарашат. Каражат маселеси чечилбей ал Дохадагы Азия оюндарына катышпай калды.

Кыргызстандын саясый-экономикалык абал кыргыз спортуна да көп жылдан бери өзүнүн залакасын тийгизип келет. Каражаттын жоктугунан стадиондор менен спорт залдар талкаланган. Спортсмендер менен машыктыруучулар чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ал аз келгенсип, бир нече жылдан бери УОКто президенттик орун талаш да спорту алдыга жылдырган жок. Акыры өлкөнүн күрш федерациясынын президенти Марат Саралинов улуттук олимипада комитетине жетекчи болуп, бул тармак кризистен чыкты.

Анан да кыргыз спортунун жашоо-турмушу ачык – айкын болсо дешет спорт адистери. Спортко канча акча бөлүнөт, быйылкы XV Азия оюндарына кандай даярдык көрүлдү, ага канча акча сарпталды, эч ким билбейт.

Кээ бир спорттун түрлөрүндө Катардагы 15- Азия оюндарына жол киресин спортчулар менен машыктыруучулар өздөрү төлөп, же демөөрчүлөрдүн жардамы менен барышты. Спортко өкмөттөн керектүү суммада каражат бөлүнүп жатат, баары жайында быйылкы ийгиликтер катааттандырат, дейт өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директору Бектур Асанов.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти, улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов өтүп бараткан жылдын жыйынтыгына мындай баа берди:

-Дохада эки күмүш медаль жеңдик деп жатабыз. Бирок, ал медалдарды Кыргызстанда жашап, өзүбүздө машыккандар жеңсе жакшы болот эле. Ал медалдарды башка жакта жашап, башка жакта машыккандар жеңди. Евгений Ваккер Кыргызстанда эмес, Германияда жашап, германиялык клубда машыгат. Ваккерге рахмат! Бирок ал Кыргызстандын намысын биринчи кезекте өзүнүн туулуп өскөн өлкөсүнө болгон патриоттуулугунан эмес, эларалык чоң-чоң мелдештерге, дүйнөлүк чемпионат менен Олимпиадалык оюндарга катышыш үчүн коргоп жүрөбү деген да ой келет. Себеби, Германия курама командасына ал мүчө боло албайт, анткени ал жакта андан күчтүү спортсмендер жүздөп саналат. Экинчи күмүш медалды жеңген Татьяна Ефименко да жыл сайын эле спорткомитети жакшы көңүл бөлбөй жатканын айтып келет. Айласы кеткенде быйылкы жылы дээрлик толугу менен чет өлкөлөрдө машыгып, ошол жакта мелдештерге катышып, акыркы айларда Кувейтте, Катарда машыгып жүрдү (эми тренери И.Паклин да Кувейт менен контрагын улантыптыр). Ошондой эле Алексей Крупняков да россиялык спортсмен, өз өлкөсүндө курама командага илинбей биз үчүн күрөшүп жүрөт. Демек, ал жеңиштерде биздин спорткомитеттин, өкмөттүн салымы канчалык? Айтуу кыйын. Эми бул эмнени билдирет?.. Бул биздин Кыргызстанда жакшылап машыгууга, шарт начар экендигин билдирет.

Спорттун начарлап баратканына эки жылдан бери өлкөдөгү саясый ызы-чуулар да таасир бербей койгон жок. Спортчулар “ак шапкечендер” аталып, саясый куралга айланып кете жаздады. Өкмөт менен бирге спортту сүйгөн меценаттар чыгып өзү туулуп өскөн жерлеринде стадиондор, спорт аянттары курулса жакшы болор эле, дейт Кожомкул атындагы спорт сарайынын директору Болот Сулайманов.

Жылдын жыйынтыгы калыстык менен чечилбей, балбандар менен оор атлетчилерден бөлөк дагы мыкты ийгилик жараткандардын мээнети бааланбай калганын шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин атасы Төлөгөн Исаев белгиледи.

Өлкөнүн көкбөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиевдин айтымында 2006-жылы кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтү акталган жок.

Дохада өткөн 15-Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө өлкө жетекчиси ири суммадагы акчалай сыйлыктарды жана бир бөлмөлүү үй убада кылган. Кыргыз дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Касеновдун айтымында калыстардын атынан алтын медалга жетпей калган балбандарга да үй берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылууда.

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбековдун айтымында эми жанырган жыл кыргыз спортчулары үчүн өтө жооптуу. Себеби ушул жылда Пекин олимпиадасына жолдомо алуу учүн таймашуулар болмокчу.

Белгилүү марафончу, эл аралык спорт чебери Назирдин Акылбековдун айтымында кыргызды дуйнөгө таанытуучу улан-кыздар арбын. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл:

«Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү калган медалдар кыргыздын менталитетине (күрөшкө жакындыгы) байланыштуу деп ойлойм. Азыркы мыкты балбандарыбыз өспүрүм кездерин эгемендигибиздин алгачкы жылдарында айылда өткөргөн балдар жалаң карандай чай менен эле чоңоюшту. Анан шаарга келип кичине өзөк жалгап, жаштар арасында ийгиликке жетишип, чоңдорго келгенде эле утулуп калып жатышат. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса мүмкүн алтын медалга деле ээ болмокпуз.”
XS
SM
MD
LG