Кабарчыбыз Мирлан Токталиевдин билдиргенине караганда, учурда Нарын облусунда иш сапары менен жүргөн голландиялык түрктөрдүн «Неман» коому жер титирөөдө жабыркаган Кочкор районунун 450 түтүнүнө Курман айт күнүндө жардам иретинде эт таратты. Ушул эле күнү голландиялык түрктөрдүн 16 өкүлүн облустун губернатору Жыргплбек Азылов кабыл алды.