Мындай жыйын майрамдык эс алуулардан кийин, 9-январга белгиленип жатканын «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун жетекчиси Рая Кадырова кабарлады. Анда парламентти таратуу маселеси козголмокчу. Айрым бейөкмөт уюмдардын башчылары Башмыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу менен Жогорку Кеңеш өзү баш болуп мыйзам бузууга барганын белгилешүүдө.