Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

ИНДОНЕЗИЯДАГЫ ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР


Нарын АЙЫП, Прага Индонезияда 1-январда жоголгон учак тууралуу ар башка кабарлар келүүдө. Бардыгы болуп болсо 2006-жылы Индонезияда болгон жаратылыш кырсыктарынан сегиз миңден ашык адам өлдү.

1-январда жоголгон учак тууралуу тактык эмгиче жок. Алгач - учак деңиз үстүндө жоголду деп кабарланган. 2-январда эртең менен болсо учактын калдыктары Сулавеси аралындагы тоолуу аймакта табылды деп жергиликтүү бийлик билдирген. Алар - Полевали деген шаардан 20 чакырым алыстыкта жаткан, бирок куткаруучулар ага тик учма менен дагы, машинелер менен дагы жете албай, тоого жөө гана чыга алган.

Андан соң учактын ээси "Эдам эйр" деген авиакомпаниянын өкүлү - 12 адам тирүү калыптыр деп билдирген:

"Учактын калдыктары - Сулавеси аралындагы Полевали шаарынын алдындагы Матанга деген аймакта табылды. Анын ичиндеги 90 адам курман болуптур, ал эми 12 адам дагы тирүү. Биздин куткаруучулар азыр аман калгандарды эвакуацялоого даярданып жатат",- деп билдирген авикомпаниянын өкүлү Гуги Прингва Сапутра.

Андан соң Индонезиянын унаа министри Хатта Раджаса атайын билдирүү таратып, учактын ичиндеги 102 адамдын он экиси тирүү калганы тууралуу кабарды жокко чыгарды. Андан кийин болсо - учактын калдыктары табылганы тууралуу кабар дагы туура эмес болуп чыкты. Ал тууралуу - ал аймактагы Макассар деген авиабазанын башчысы Эдди Суянто кабарлады.

Жоголгон "Боинг-737" үлгүсүндөгү учак 1-январда Ява аралындагы Сурабая шаарынан Сулавеси аралындагы Манадо шаарына учуп чыккан, анын ичинде 96 жүргүнчү жана алты учкуч болгон, жоголгон 102 адамдын он бири жаш балдар болчу. Үч адамдан турган бир америкалык үй-бүлө дагы учуп бараткан экен. Кырсыкка аба ырайынын кескинн бузулганы алып келген деп айтылууда. Учактын ээси - жеке менчик "Эдам эйр" деген компания - Индонезия парламентинин спикери Агунг Лаксоно тарабынан 2003-жылы түзүлгөн.

Индонезия көптөгөн аралдан тургандыктан, ал аралдар арасындагы байланыш сал кемелер жүргүзүлөт. 30-декабрда "Сенопати нусантара" деген бир ири сал деңизде аңтарылып кеткендиктен, төрт жүзгө жакын адам курман болду. Бардыгы болуп аны менен 628 жүргүнчү бараткан.

Деги 2006-жылы Индонезияда абдан көп кырсык болду. Январда эки жүздөн ашык адам сел алдында калып өлгөн. Май айында Ява аралында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан 5800 адам набыт кеткен. Июнда Сулавеси аралында жүргөн сел 300 адамдын өмүрүн алып кеткен. Андан соң июлда деңиз түбүндө күчү 7,7 баллга жеткен жер силкинүү болуп, андан чыккан цунами толкуну дагы 600 адамды өлтүрдү. Декабрдагы сал кырсыгынын алдында болсо, Суматра аралында нөшөрлөгөн жаандан чыккан топон суудан 23-декабрда жүздөй адам курман болду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG