Мындай пикирин «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолоруна» берген жообунда Жогорку Кеңештин депутаты, «Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөсү Каныбек Иманалиев төраганын сессияга долбоорду төрт ирет коюшу менен негиздеди. Долбоор бир жолу колдоо таппай калган шартта кайра добушка бир жылдан кийин коюлушу керек деп эсептеген депутат жаңы редакция президенттин кысымы менен кабыл алынды дейт. Депутаттар Каныбек Иманалиев менен Искак Масалиевдин катышуусунда Баш мыйзамга байланыштуу өткөн талкуу менен «Ыңгайсыз суроолор» теледолбоорунан бүгүн кечки саат тогуздан беш минута өткөндө кененирээк таанышыңыздар. (BuS)