Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

20:30 Кыргыз-өзбек чегинде дагы чыр чыкты


Баткен облусунун чегиндеги Өзбекстандын Риштан чек ара-бажы бекетинде кечээ Кыргызстанга тиешелүү автоунааларды өткөрбөй, өзбек бажычылары ар бир автоунаадан 45 доллар төлөп өтүүсүн талап кылышкан. Маселеге облустук бийликтин өкүлдөрү кийлигишип, натыйжа чыкпаган соң кыргыз тарап да Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштарган жолду жабууга аргасыз болгон. Жол 20 мүнөттөй жабылып турган соң гана өзбек тарап ийге келген. Бул тууралуу «Азаттыкка» кабарлаган Баткен облустук бийлигинин өкүлү Таштемир Эшалиев маселе али толук чечилбегенин, өзбек тарап менен эртең да сүйлөшүүлөр жүрөөрүн кошумчалады.(SM)

XS
SM
MD
LG