Эксперттик деңгээлдеги жумушчу топтордун бул жолку жолугушуусу 15-январда баштаалары күтүлүп жатканын «Азаттыкка» кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Анда талаштуу аймактар боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жалпы узундугу 1295 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин миң чакырымдайы такталган.(SM)
8:27 Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму өтөт