Орусия, Белорус жана Евробиримдик Москва - Минск ортосундагы энергия талашы европалыктарга залакасын тийгизбейт деп ишендиришти. Ушул жумада Белорус аркылуу Европага өтчү орус мунайынан бажы салыгы алынаарын Белорус өкмөтү билдирген. Бул кадам Орусия Белоруска сатуучу мунайга салык киргизүүсүнө жана газдын баасын эки эсеге көтөргөнүнө жооп катары жасалган.