Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

17.54 Балдардын укугун коргоо боюнча дагы бир долбоор ишке киришкени турат


«Перемена» коомдук корунун жетекчиси Алмаз Тажыбайдын маалымдашынча долбоордун максаты укуктук жактан калктын сабатын көтөрүү менен балдардын укугун коргоону камсыз кылуу. Долбоор бир жыл ичинде ишке ашмакчы. Бул аралыкта борбордон алыс аймактарда жетимишке жакын семинарлар өткөрүлөт. Адам укуктары боюнча комитетинин 2006-жылкы отчетуна ылайык өлкөдөгү балдардын абалы алымсындырбайт. Анда балдарды кара жумушка тартуу, аларга карата зордук зомбулук күч алганы айтылат. Алмаз Тажыбайдын билдиришинче көбүнчө өспүрүмдөрдүн өз укуктарын биле беришпеси ушул көрүнушкө жол берүүдө. Аталган долбоорду каржылоо үчүн Евробиримдик алтымыш жети миң евро бөлгөн.(ElenK)

XS
SM
MD
LG