Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

АКШ президенти Буш бир нече жаңы дайындоо жасады


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы кылып генерал Жорж Кейсинин ордуна генерал Дэвид Петреусту дайындады. Ирак жана Ооганстадагы аракеттер боюнча аскерий жетекчиликтин башчысы болуп генерал Жон Абизейддин ордуна адмирал Уильям Фэллон дайындалды. Бул сунуштарды жаңы коргоо министри Роберт Гейтс жасады жана дайындоолорду Сенат бекитүүгө тийиш. Андан тышкары президент Жон Негропонтени мамлекеттик катчынын орун басары кылып, ал эми адмирал Майк Макконеллди - Негропонтенин ордуна Улуттук чалгындоо кызматынын деректири кылып дайындады. Жакын арада Буш - АКШнын Ирак саясатына өзгөртүү киргизүүгө тийиш, ага президентти жаңы Конгресс үндөп жатат.

XS
SM
MD
LG