Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

72 СААТ – 24 СААТ – 48 СААТ


Өткөн жылдын 30-декабрында парламент кабыл алган Конституциянын жаңы редакциясы боюнча шектүү делген адамды тартип коргоо органдарынын 48 саатка чейин кармоого укугу бар. Андан аз илгерээк 8-ноябрда кабылданган Башмыйзамдын 15-беренесинде ушул эле жагдай 24 сааттын ичинде жөндөлүшү көрсөтүлгөн

Шектүү делген адамды тартип коргоо органдары 72 саат – үч күн кармоого укугу бардыгы мурдагы Конституцияда ырасталган болчу. Анын үстүнө камакка алуу тууралуу уруксатка кол койгон прокуратура органдары тергөө амалдарын да жүргүзчү. Өткөн жылдын 8-ноябрында кабыл алынган Башмыйзамда ал 24 саатка түшүрүлүп, анан да камакка алууга уруксатты соттор гана бере ала тургандыгы белгиленген.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин ырасташынча, айыптуу деп шектелген адамдын укугу КМШ өлкөлөрүндө көп эле бузулуп, укуктук жөрөлгөлөрдү жасоого бөлүнгөн убакыт тек куру сөз бойдон гана калууда.

- Декларация гана болуп жатат. Адам укугун бузуу көп эле кездешип жатат,- дейт Т.Какчекеев.

Анткен менен алдагинтип убакытты чектеп коюу биртоп проблемаларды да жаратат. Азыркы уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттерин укуктук жактан коргоого таасирдүү күчтөр топтолгон.

- Күрөшкүбүз келсе бул 24 саат эмес, 48 саат эмес, 30 сутка да аздык кылат. Анткени бүгүнкү күндө уюшкан кылмыш өтө кылдат жана алардын кол алдында бийик деңгээлдеги мурунку соттор, мурунку милиция кызматкерлери, мурунку прокурорлор, атайын кызматтагы адамдары иштеп жатышат,- деп айтты Т.Какчекеев.

Кыргызстандын мурдагы Ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев депутаттар эч кандай жүйөө-себеби жок эле Башмыйзамды жаңылап кабыл алып койду деген пикирде.

- Эми алар аргументтерин айтпай эле кабыл алып жатышпайбы. Экинчиден, цивилизациялуу мамлекетте адам укугун оорлоткон мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

К.Дүйшөбаевдин ырасташынча, азыркы бийлик саясий атаандаштарына сес көрсөтүш үчүн укук коргоо органдарын курал катары колдонууда. Кармоо мөөнөтүн узартып коюунун артында мына ушундай кызыкчылык да болушу мүмкүн.

«Адилет» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова кармоо мөөнөтүн узартып коюунун артында ашкан саясий деле кызыкчылык жок, тек бул тартип коргоо органдарынын азыркы кейпинде ишке ашышы кыйын маселе деген пикирде.

- Менин оюмча 24 сааттан кечиктирбей мыйзам сактоо органдарынын кармалган адамды сотко алып келиши кыйын. Ушундан улам алар 48 саатка узартууну чечишкен окшойт. Бирок да, билесизби, кеп саатта эмес, мейли 48 саат деле болсун, чоң маселе бир да мыйзамдын иштебей жатышында болуп жатпайбы. Проблема жалгыз эле 48 сааттa эмес, маселе далилдердин кантип жасалганында. Айыпты кантип мойнуна алдырышында болууда. Мыйзам бузуулар менен айыпты моюнга коюп жатышат, аны болсо соттор кабыл алышууда. Мына, негизги проблема ушул.

Айрым адистердин айтуусунда, ушу тапта уюшкан кылмыштуулук бийликке кыр көрсөтүп, криминалдын дымагы күчөгөндөн-күчөп баратат. Мамлекеттин ага каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө буямасы келбей, көбүнесе куру чакырык, сестүү ураандар менен гана чектелүүдө. Ошондон “айран ичкендер кутулуп, челек кармагандар тутулуп”, мыйзам ошолорго гана каршы иштеп, уюшкан кылмыштуулук ээн-жайкын жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG