Башкы прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеевдин билдирүүсү боюнча 26-январга пландалган жыйынга президент Курманбек Бакиевдин катышуусу күтүлүүдө. Өткөн жылы парламент депутаттары башкы прокурордун атына келип түшкөн бир катар арыздардын негизинде президентке анын кызмат ордун карап көрүүнү сунушташкан. Президент өз кезегинде башкы прокурордун ишине былтыркы бир катар чуулгандуу иштердин жыйынтыгына жараша баа берилээрин айткан. (IJz)