Буга карата Бишкектеги православдык чиркөөдө майрамдык жөрөлгөлөр болуп өттү. Салтка айланган негизги жөрөлгөлөрдүн бири катары кичине балдарга майрамдык балаты уюштурулду. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев билдиргендей президент Курманбек Бакиев Кыргызстандык православ христиандарын Исанын туулган күнү менен куттуктады. Католиктер бул күндү Григориян календары боюнча белгилешсе, православдар Юлиан календары боюнча өткөрүп келишет. (IJz)