Бир катар бейөкмөт уюумдар ушул жумада өлкөдөгү коомдук-саясий абалды талкуулаган жыйын өткөрүүнү болжоодо. Анда парламентти таратуу маселеси козголоорун буга чейин «Азаттыкка» «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун жетекчиси Рая Кадырова билдирген. Айрым бейөкмөт уюмдардын башчылары Башмыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу менен Жогорку Кеңеш өзү баш болуп мыйзам бузууга барганын белгилешүүдө.(SM)