Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кочкордогу жер титирөөнүн кесепеттери тууралуу мамлекет башчысына маалымат берип, кырсыктын масштабы 15-январга карай аныкталаарын билдирген. Президент өз кезегинде 15-январды күтпөстөн эле жабыркаган элге жардамды уюштурууну өкмөткө тапшырып, 9-январга белгиленген Кочкорго сапарын кечиреек мөөнөткө которду. (AiT)