Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробеков 6-январдан тарта зыяратчылар мекенине жөнөй баштаганын, алар ушул айдын 18ине дейре толук келип бүтөөрүн билдирди. Зыяратчылардын алгачкы тобу түшкөн эки учак мурда күнү Ош аба майданына келип конду. Быйыл Меккеге Кыргызстандан жалпысынан төрт жарым миңдей зыяратчы барган. (SM)