Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

БЕЛАРУС-ОРУСИЯ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ЭРЕГИШИНИН КЕСЕПЕТИН ЕВРОПА ТАРТА БАШТАДЫ


Беларустун өкүлдөрү орусиялык мунайды Польша менен Германияга ташып өтүү токтотулган жок, бирок дүйшөмбүдөн тарта анын көлөмү азайтылды деп билдиришти. Евробиримдик КМШ өлкөлөрү энергетикалык кызматташтыкка келгенде, ишеничсиз өнөктөш бойдон калганын белгиледи. Эксперттер бул маселе Минск менен Москванын ортосунда газдын баасы боюнча келип чыккан талаштын кесепети экенин айтышууда.

31-декабрда, жаңы жыл кирип керээрине аз калганда Москва менен Минск газдын баасы боюнча макулдашууга кол коюп, узак талашка чекит коюлгансыган. Бирок ал макулдашуу боюнча, Беларус 2007-жылы Орусиялык газдын миң кубметри үчүн мурдагыдан эки эсе кымбат төлөп, андан сырткары газ куурларын тейлеген мамлекеттик “Белтрансгаз” ишканасынын акцияларынын 50%ы Орусиялык “Газпромго” өткөндүктөн, эки өлкө ортосундагы энергетикалык эрегиш дагы уланат деген божомолдор айтылган эле.

Анысы кандай, 8-январга караган түнү Беларус аркылуу Польша, Германия, Украинага экспорттолчу орусиялык мунайдын көлөмү кескин азайып, атүгүл канча бир убакытка токтоп калганы кабарланды. Транзиттик куурду тейлеген Беларустук “Дружба” фирмасынын башкы инженери орусиялык экспорттук мунайдын көлөмүн азайтуу тууралуу буйрук Минсктен түшкөнүн билдирди. Орусиялык мунай экспорттоочу башкы ишкана – “Транснефтьтин” башчысы Симон Вайншток Беларус тарап орус мунайын орто жолдо уурдап атат деп күнөөлөдү.

- Беларус тарап өзүнүн мунай иштетүү жайларына бара турган кара май боюнча январь айына түзүлгөн келишимди жокко чыгарды. Эмне үчүн? Анткени алар мунайды мыйзамсыз тартып алабыз деп ойлошкон, Беларус тарап жасап аткан иш дипломатиялык тилде “тартып алуу” деп аталат.

Польша өкмөтү Орусиядан экспорттолгон мунайдын көлөмү азайганына тынчсыздануусун билдирди. Евробиримдиктин аткаруучу органы – Еврокомиссия – Москва менен Минсктен окуянын себебин түшүндүрүп берүүнү талап кылды.

- Еворокомиссия кырдаалга абдан кылдат көз салууда. Биз Орусия жана Беларус менен байланышып, Польшага мунай ташыган куурдагы үзгүлтүктүн себептерин так түшүндүрүп берүүнү талап кылдык. Ага кандайдыр себеп, балким, техникалык жагдай да шылтоо болушу мүмкүн.

Еврокомиссиянын басма сөз өкүлү Ферран Тарраделлас Эспуни дүйшөмбүдө ушуларды билдирди. Беларус менен Орусиянын ортосундагы энергетилалык тирешүү ушинтип, Евробиримдикке кирген Польша, Германияга кесепетин тийгизе баштады. Москва Беларуска гана эмес, башка өлкөлөргө да газдын баасын кымбаттатканы белгилүү. Минск ага жооп иретинде Беларус аркылуу экспорттолчу мунайдын ар бир тоннасы үчүн 45 доллардан транзиттик салык киргизгенин жарыялаган. “Орусиянын газды кымбаттатуу аракетинин артында саясий себеп барбы?” – деген суроого Лондондук эксперт Жонатан Стерн төмөнкүдөй жооп узатты.

- Азыркы шарттарда бардык өлкөлөр, анын ичинде Орусия да 2011-жылга дейре европалык баага барууга аргасыз. Москва эл аралык кырдаалды түшүнүп, акырындап европалык бааны киргизүү чечимин кабыл алган. Бардык республикаларга дотация берген Советтер Союзу кулаганына канча болду, ошого карабастан Орусия эң узагы Беларус үчүн арзаныраак бааны кармап келди, эми андай кылуу мүмкүн эмес экени өзүнөн өзү дайын болду.

Азырынча Орусия-Беларус энергетикалык эрегиши эмне менен аяктаары белгисиз. Орусия өз мунай ресурстарынын үчтөн бирин Беларустун аймагы аркылуу сыртка чыгарат. Ал куурлар аркылуу кара майга болгон муктаждыгынын 20%ын канааттандырган Германия мунайдын 130 күнгө жетчү запасы бар экенин айтса, Польша Беларус транзитти токтотсо, 70 күнгө жетээрлик кара майы бар экенин билдирди. Евробиримдик ушул аптада Брюсселде чогулуп, мүчө мамлекеттердин энергетикалык маселелерин чечүү жолдорун талкууламакчы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG