«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюму, «Дүйнөнү өзгөртүүчү адамдар» кызматташтык уюму жана адвокат Зотова Н.В. Президентке жана Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жиберип, анда 30-декабрда Конституциянын жаңы редакциясы мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынганын белгилешкен. Алардын жүйөөсүндө баш мыйзамды өзгөртүүгө Конституциялык Соттун корутундусу керек жана бул маселе үч айдан эрте эмес, алты айдан кеч эмес мөөнөттө каралышы керек. Ошондой эле, укук коргоочулар Конституциянын жаңы редакциясы адам укуктарын жана эркиндиктерин басмырлоого жол берет деп белгилешкен. Жаңы редакцияда Конституциялык сот атуулдардын конституциялык укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктарынан ажырап калган. (KCh)