Бул тууралуу депутат “Азаттыкка” билдирип, бирок окуя тууралуу ошол маалымат жыйынында айтаарын белиледи. Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкеринин маалыматы боюнча, Темир Сариев Түркияга учаар алдында 100 миң доллар акчасын декларация кылбаганы үчүн учуудан калтырылган. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысынын билдирүүсө караганда, Сариевди бажы кызматы кармап,маселени иликтөөдө. Учаар алдында акчаны ачык айтпоо бул административдик тартип бузуу. Ошондуктан бул иш 100 миң долларды мамлекеттин казнасына кайтаруу менен аяктайт, дейт басма сөз катчы. (AiT)