Конституциянын жаңы редакциясы боюнча парламенттик шайлоолор партиялык тизме боюнча да болот. Ошондуктан, саясий партиялар Шайлоо Кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө алардын пикири эске алынууга тийиш деп жатышат. Ошондуктан, 14 партиянын өкүлдөрү бүгүн Жогорку Кеңеш төрагасы Марат Султановго кайрылуу жолдошуп, Шайлоо Кодексин өзгөртүү боюнча коомдук талкууларды өткөрүүнү, бул маселени караган парламент комитетинин жыйынына саясий партиялардын өкүлдөрүн кошо катыштырууну суранышты.