Бул тууралуу Ивановдун адвокаты Галина Скрипкина бүгүн билдирди. Жолугушуу 11-январга белгиленген. Анда биз тергөө иштеринин жүрүшүнө АКШ тараптын тоскоолдук кылбашын өтүнөбүз. Анткени Ивановду аткан жоокерди суракка алууга, куралын баллисттикалык текшерүүдөн өткөрүүгө алар уруксат бербей жатат, дейт Галина Скрипкина. "Манас" аба майданында айдоочу болуп иштеген Иванов өткөн жылы 6-декабрда АКШ аскери тарабынан атып өлтүрүлгөн. (AiT)
11:05 АКШнын аскери атып өлтүргөн А. Ивановдун адвокаты базанын аскер жетекчилиги менен жолугушат