Орусия менен Беларус ортосундагы сүйлөшүүлөр Беларус тарап мунай транзити үчүн коюлган жаңы бааны өзгөртсө гана жанданат деп билдирди Орусиянын соода жана экономика министри Герман Греф. Дүйшөмбүдөн тартып Беларус өз аймагы аркылуу Польша менен Германияга экспорттолчу орусиялык мунайдын көлөмүн азайткан эле. Кечээ беларус делегациясы Москвага мунай талашына байланыштуу келген, бирок маалыматтарга ылайык сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады.